Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Көкбөрү: Дүйнө кубогунун финалдык беттештери башталды

0
Көкбөрү: Дүйнө кубогунун финалдык беттештери башталды

Бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунда "Достук" (Кыргызстан) менен "Түркстан" (Казакстан) командалары 3-орун үчүн беттешип жатат.

"Достук" кубогу үчүн финалда "Ынтымак" Казакстандын "Астана" командасы менен беттешет. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде утуп алган.

18-августта Кыргызстандын "Ынтымак" жана "Достук" командалары ат салышып, 2:0 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жеткен.

Ал эми клубдар лигасында финалга “Жаштык” жана “Красноярск” командалары чыкты. Коло байге үчүн “Алтай” жана Өзбекстан командасы беттешет.

Ушул эле күнү жогоруда аталган командалардан сырткары 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешет.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат.

Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган. Дүйнө кубогун эки жылда бир өткөрүү пландалууда.(GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *