Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

БУУ: "Талибандын" тушунда 200дөй коопсуздук жана мамлекеттик кызматкер өлтүрүлгөн

0
БУУ:

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы 22-августта жарыялаган баяндамасында талибдер бийликке келген эки жыл ичинде Ооганстанда мурда өкмөттүк мекемелерде жана коопсуздук кызматтарында иштеген 200дөй адам эч кандай сотсуз өлтүрүлгөнү айтылды.

Уюм 2021-жылдын 15-августунан тартып, 2023-жылдын июль айына чейин мурдагы аткаминерлер жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнүн арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында 800дөн ашуун укук бузулган учурду каттаган.

"Адамдарды "Талибандын" де-факто коопсуздук күчтөрү кармап кетип, көп учурда бир аз убакыт кармап, анан өлтүрүп турушкан. Айрымдарды тергөө абагына алып барып, ошол жактан көзүн тазалашкан. Башкаларын белгисиз тараптарга алып кетип, өлтүрүп, сөөктөрүн ыргытып жиберишкен же жакындарына өткөрүп беришкен", - деп жазылат баяндамада.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк баяндама менен кошо жарыяланган билдирүүсүндө талибдерди адам укуктары жаатында алган милдеттенмелерин аткарып, мындан ары укук бузууларга жол бербей, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Талиб өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлиги БУУнун бул билдирүүсүн четке кагып, өкмөттүк кызматкерлер жана коопсуздук күчтөрү тарабынан адам укуктарын бузуу фактылары тууралуу аларда эч кандай маалымат жок экенин белгиледи.

Баяндамада баарынан көп басмырлоого ооган аскерлери кабылганы, аларды полиция менен чалгын кызматкерлери куугунтуктаганы жазылган. Мындай фактылар Ооганстандын 34 провинциясында, анын ичинде Кабул, Кандагар жана Балх провинцияларында катталган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *