Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши прокуратурага өттү

0
Активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши прокуратурага өттү

Активист Өндүрүш Токтонасыровго карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап,  прокуратурага өткөрүлдү. Бул тууралуу 22-августта “Азаттыкка” адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Жактоочунун айтымында, иш жакынкы беш күндө прокурорлор тарабынан текшерилип, андан соң сотко өткөрүлөт же кыскартылат:

“Иш прокуратурага 22-августта өттү. Эми алар кылмыш ишинин козголушу, Өндүрүш Токтонасыровдун жоопко тартылганынын мыйзамдуулугунун текшерип, кылмыш ишинде мыйзам бузуу барбы же жокпу деген тыянак чыгарышы керек. Прокуратуранын бул ишти жаап салуу укугу бар”.

Токтонасыров бул "токулган" иш экенин, эч күнөөсү жок экенин, анын оозун жабуу аракеттери ишке ашпай турганын билдирди:

"Бул иште башаламандык, каталар толтура. Азыр ачык суйлөгөндөргө карата кылмыш иштерин козгоп жатышат. Биз авторитардык башкарууга ыктап баратабыз. Буга чейинки бийлик тушунда да мен көп жолу кармалгам, бирок ал иштер милициянын деңгээлинде эле жабылып калчу. Райондук соттордо каралган иштер да болгон, бирок алар кыскарып же эскертүү берилип, жабылчу. Бул жолу катуу кетип атышат. Булардын көздөгөн максаты бир эле - активдүү жарандын жаагын жабуу ".

Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыровду 30-июндун түнү белгисиз бирөөлөр машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.

Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан чыккан, аны түнкү 11ге чейин суракка алышкан. Токтонасыровдун социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси боюнча иш козголгону кабарланган.

Ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергеген. (ZHE)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *