Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргыз-казак Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү “Ак-Тилектеги” кырдаалды талкуулады

0
Кыргыз-казак Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү “Ак-Тилектеги” кырдаалды талкуулады

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу 22-августта Кыргызстандын Чек ара кызматынын Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев блдирди.

“Айрым өткөрмө бекеттерде казакстандык кесиптештер менен жолугушуу өткөрдүк. Алар Казакстан тарапта эч кандай чектөө жок экенин, кадимки тартипте иштеп жатканын билдиришти. Биз иш жай болуп аткандыктан, Кыргызстан тарапта жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болгонун айттык”.

Нурланбек Жалбиевдин маалыматына ылайык, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 сатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

Бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан баштап көбөйө баштаган. 22-августта Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 500гө чукулдады.

Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде утур-утур жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болуп турат. (BTo/MKt)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *