Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргыз-казак коргоо министрлери аскердик кызматташтыкты талкуулады

0
Кыргыз-казак коргоо министрлери аскердик кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков баштаган аскердик делегация келди.

Аны менен Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов жолугуп, тараптар аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министрликтин маалыматына караганда, Бекболотов Казакстанды туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш деп атады.

Казак министри Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен дагы жолугушту.

Казакстандын аскердик делегациясы эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн “Эрдик” биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусуна катышат.

Машыгуулар 17-августта Ысык-Көл облусунда башталып, ага 150дөн ашык аскер кызматкери катышууда жана 30га жакын атайын, авиациялык техника тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн чектеш аймактарында террордук коркунучка каршы чогуу күрөшүүнүн механизми иштелип чыгат. Ошондой эле аскерлердин коюлган тапшырмаларды аткаруудагы жөндөмдөрүн баалоо маселеси каралат.

“Эрдик” машыгуусу 23-августта аяктайт.

Кыргызстан менен Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында уюштурулган окутуу-машыгууларга катышып турат. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *