Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Казак чек ара кызматы “Ак-Тилектеги” кезек тууралуу түшүндүрмө берди

0
Казак чек ара кызматы “Ак-Тилектеги” кезек тууралуу түшүндүрмө берди

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин билдирди.

Казак чек ара кызматы тараткан маалыматта чек арада мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

“Кандайдыр бир чектөө чаралары киргизилген жок, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Текшерүү убактысынын регламенти тыкыр сакталууда. Автотранспортторду өткөрүү сезонго мүнөздүү суткалык көрсөткүчтөн ашкан жок. Анын ичинде казак-кыргыз чек арасында дагы”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине байланыштуу комментарий берип, “ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөн, ушундан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатат” деген болчу.

Кыргыз тарап Казакстандын расмий билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

Бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан баштап узара баштаган. 22-августта алардын саны 500гө чукулдады. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *