Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы тергөө менен кызматташууга көндү

0
Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы тергөө менен кызматташууга көндү

Казакстанда "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алган" деп айыпталып, сегиз жылга соттолгон ишкер Кайрат Боранбаев тергөө менен кызматташууга макул болду. Бул тууралуу "Власть" басылмасы анын адвокатына таянып жазды.

Тергөө менен түзүлө турган келишимге ылайык, Казакстандын мурдагы президентинин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев күнөөсүн моюнуна алып, зыянды төлөп берсе, камалбайт.

Астанада Боранбаевдин апелляциялык арызы менен сот отуруму 22-августта башталды.

Ulysmedia.kz басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, Боранбаев бюджетке "1,5 миллиард долларга бааланган" активдерди кайтарып бериши мүмкүн.

Ал 2022-жылы мартта кармалган, соту 30-декабрда башталган. Сотто "АзияГваЧунжа" компаниясы суюлтулган мунай газын сатып алгандагы 14,5 миллиард теңгенин уурдалышы териштирилүүдө. Кайрат Боранбаев бул компаниянын негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Быйыл 31-мартта Астананын Сарыарка райондук соту Боранбаевди мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Аны Forbes журналынын казак версиясы аны өлкөнүн эң таасирдүү ишкелеринин тизмесинде бешинчи сапка жайгаштырган. Басылма анын байлыгын 590 миллион долларга баалаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *