Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Бишкек мэриясы адамды жүзүнөн таануучу камераларга 40 млн сом бөлөт

0
Бишкек мэриясы адамды жүзүнөн таануучу камераларга 40 млн сом бөлөт

Бишкек шаардык мэриясы адамды жүзүнөн жана автоунаалардын номурун таануучу камераларды калаанын бардык райондорунда орнотуу үчүн 40 млн сом сарптайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сайтындагы Ички иштер министрлиги менен Бишкек мэриясынын кызматташтыгы тууралуу токтом долбоорунда жазылган.

Ал документте 2023-жылы мындай камераларды орнотуу үчүн мэрия Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына 40 миллион сом бөлүп бере турганы каралган. Документтин негиздеме катында коопсуздук үчүн чаралар экени белгиленген.

Ички иштер министрлиги 2-июндан тартып Кыргызстандын аймагында КМШга кирген мамлекет аралык издөө салынган адамдарды видео көзөмөлдөн жүзүнөн таанып, аныктоо системасы иштей баштаганын маалымдаган.

Былтыр кыргыз бийлиги “Коопсуз шаар” программасынын алкагында коомдук жерлерде жалпысынан 2177 видеокамера орнотулганын, алардын арасынан адамды жүзүнөн аныктай ала турган 519 камераны ИИМдин ыкчам башкаруу борборунда реалдуу режимде көрүп турушарын жарыялаган.

Айрым активисттер маалыматтык коопсуздукка байланыштуу жүзүнөн таануучу камералардын коюлушуна каршы болуп келишет. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *