Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

ТИМ Алматыда кармалган кыргыз ишкер жөнүндө маалымат таратты

0
ТИМ Алматыда кармалган кыргыз ишкер жөнүндө маалымат таратты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда кармалган кыргыз жараны, Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев боюнча маалымат таратты.

ТИМдин кабарлашынча, коңшу өлкөдө кармалган ишкердин укугун коргоо боюнча иштер жүрүп жатат. Министрлик кылмыш ишин ар тараптуу иликтөө, эл аралык укуктук ченемдерин сактоону камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына 5 - жана 27-июнда нота жөнөткөн.

Маселе Кыргызстандын жана Казакстандын Тышкы иштер министрлери аралык консулдук кеңештеринде талкууланган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин 4-июлда консулдуктун кызматкерлери тергөө абагына кирип, Эрмек Маркабаевге жолугуп, анын кармоо шартын, ден соолугунун абалын көрүп чыгышкан.

Консулдуктун кызматкерлери 17-августта Маркабаевдин бөгөт чарасын кароо сотуна дагы катышкан.

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга таянып Маркабаевди жана анын айдоочусу менен жансакчысын Алматы–Бишкек автожолунан 2-июнда кармашканын жазышкан.

3-июнда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Telegram каналына ага баңгизатты сатуу максатында мыйзамсыз алып жүргөн жана курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз алган, сактап жүргөн деген мазмундагы айыптар коюлганы тууралуу маалымат чыккан.

Кийин “Алтын Орда” базарынын администрациясы полицияга таянып тараткан маалыматта курал-жарак тууралуу гана сөз болгон.

Интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тарап жатат. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага баңгизатын атайылап салып коюшканын айтууда.

Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлигинин тушунда тарттырып жибергени, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алганы кабарланууда.

Учурда социалдык тармактарда Маркабаевдин ишине кыргыз бийлиги көңүл бурушу керек экенин жазып жатышат. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *