Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда жер көчкү жүрдү

0

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 23-августта Ош-Сары-Таш-Эркечтам авто жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылганын билдирди.

Маалымат боюнча, окуя болгон жерде “Кыргызавтожол” ишканасынын Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана төрт техника иштеп жатат.

Көлөмү болжол менен 4 миң метр кубдан ашык жер көчкү саат 9:00 чамасында түшкөн. Министрлик жер көчкү дагы деле түшүп жатканын, тазалоо боюнча толук кандуу иштер көчкү токтогондо жүргүзүлөрүн кабарлады.

Cаат 18:00дө жол бир тараптуу ачылат деп күтүлүүдө. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *