Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

ЖАМК Токтосуновду Нарындагы абактан которуу тууралуу маалымат берди

0
ЖАМК Токтосуновду Нарындагы абактан которуу тууралуу маалымат берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 2016-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Улан Токтосуновго 17 жыл күчөтүлгөн режимде жаза өтөө мөөнөтү чегерилгенин билдирди. Ал №24 (Нарын шаарында) абакта кармалып турган.

ЖАМК тараткан маалыматка ылайык, Токтосунов мындан аркы жаза өтөөчү жерин аныктоо үчүн Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына которулууда.

Мекеме мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагы соттолгондордун жаза өтөөчү жерин аныктаганга чейин кармала турган жай экенин белгиледи.  Токтосуновдун жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Улан Токтосунов Нарындагы абактан Бишкектин тергөө абагына которулуп жатканына каршы болгон жакындары 23-августта Жаза аткаруу кызматынын алдына акцияга чыгышкан.

Алар тергөө абагында буга чейин адам өлүмү катталган фактылар болгонун белгилеп, “ал жактан Токтосунов тирүү чыкпайт” деп тынчсызданып жатканын айтышкан.

2015-жылы Токтосунов кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө байланыштуу эл аралык издөөгө алынган. Кийин ал Түркиядан келгенде камакка алынып, 2016-жылы 17 жылга эркинен ажыратылган. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *