Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ооган басма сөз эркиндиги уюму ирандык кабарчыны бошотууга чакырды

0
Ооган басма сөз эркиндиги уюму ирандык кабарчыны бошотууга чакырды

Ооган басма сөз эркиндиги уюму "Талибан" бийлиги кармаган ирандык фотожурналистти бошотууга чакырды.

Ирандын Tasnim маалымат агенттигинин кабарчысы Мохаммед Хусейн Велаятини талибдердин коопсуздук күчтөрү камакка алганын аталган басылма 22-августта кабарлаган.

Велаяти Ооганстандын баш калаасындагы 10 күндүк сапарынан кийин үйүнө учууга аракет кылып жатканда Кабулдун аэропортунда кармалган.

"Биз аны токтоосуз жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырабыз", - деп билдирди Ооган басма сөз эркиндиги уюму.

Фотокабарчынын Ооганстанга сапарынын чоо-жайы жана анын кармалышынын себеби айтыла элек. Тегеран аны бошотуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Велаятинин камакка алынышы Иран менен Ооганстандагы "Талибан" бийлигинин мамилеси начарлагандан кийин болду. Май айында Гилменд дарыясындагы суу талаштан кийин эки тараптын күчтөрү чек арада кагылышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *