Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Вагнердин" жетекчиси Пригожин отурган учак кулаганы кабарланды

0

Орусиянын Тверь облусундагы Бологовский районунда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин түшкөнү айтылган учак кырсыкка кабылды.

Росавиация Пригожин жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун билдирди.

Бир катар Телеграм-каналдардын жазышынча, бортто "Вагнердин" командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгон.

Учак кулап бараткан учур видеого түшүп калганын "База" жана Mash Телеграм-каналдары жарыялады.

Самолёт калктуу конушка кулаган. Жеринен жарыяланган сүрөттөрдө борттун боорундагы RA-02795 деген жазууну көрүүгө болот. Бул "Вагнердин" башчысына таандык бизнес-жеттин номери.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бортто кеминде ондой адам болгонун, бирөө да тирүү калбаганын билдирди. Учактын кулап түшүүсүнүн себептери тууралуу азырынча комментарий бериле элек. Иликтөө башталганы кабарланды.

Пригожинге караштуу түзүмдөр да окуя боюнча комментарий бере элек. "Вагнерге" байланыштуу Grey Zone каналы учакты "абадан коргонуу күчтөрү" атып түштүргөнүн билдирди.

"База" Телеграм-каналы Flightradar сайтынын маалыматына таянып, учак Москвадан келе жатканын жазды.

Туура эки ай мурда Пригожин жетектеген "Вагнердин" жоочулары Москвада куралдуу жүрүш уюштуруп, орус бийлиги муну козголоң катары сыпаттаган. Жалданма жоочулар орусиялык армияга таандык бир нече тик учакты жана учакты атып түшүргөн.

Пригожинге ачылган кылмыш иши кийин жабылып, "вагнерчилер" сүйлөшүүдөн кийин Беларуска кеткен. Пригожин бирок убактысынын көбүн Орусияда өткөрүп жаткан.

21-августта Пригожин интервью берип, Африкада жүргөнүн жана "Вагнерге" жаңы жоочуларды тартуу иши жүрүп жатканын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *