Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча ЕЭК делегациясы келди

0
Кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча ЕЭК делегациясы келди

Кыргыз-казак чек арасындагы абалды талдоо үчүн Кыргызстанга Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.

"Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы келери жөнүндөгү кабардан кийин абал бир аз жакшырып калганын байкадык. Азыр бир саатта 10 машине кое берип жатат. Казакстан тараптын машинелерди кармап, жай киргизип жатканынын так себеби белгисиз. Казакстандын мындай аракети биримдиктеги келишимдерге дал келбейт”, - деди Малаев.

Буга чейин Кыргызстандын чек ара кызматы 24-август саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги тыгында турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө маалымат берген. Анда “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилейт.

Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерден айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.(TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *