25-августтун аба ырайы
25-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 20…22, күндүз 33…35 градус болот.