Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

АКШда Республикачылардын алгачкы дебаты Трампсыз өттү

0
АКШда Республикачылардын алгачкы дебаты Трампсыз өттү

Кошмо Штаттарда 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого аттанууга ниеттенген республикачылардын алгачкы ички дебаты өттү.

23-августта Висконсин штатынын Милуоки шаарында өткөн дебатка Республикачылар партиясынан президенттикке ат салышууну көздөгөн сегиз үмүткөр катышты.

Мурдагы президент, учурда төрт кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Дональд Трамп дебатка катышуудан баш тарты. Ал муну "ансыз деле атаандаштарынан кыйла алдыда экени" менен түшүндүрдү. 

"Коомчулук ансыз деле менин ким экенимди жана президенттик мөөнөтүм кандай ийгиликтүү болгонун билет. Ошондуктан дебаттарга катышпайм", - деп жазган Трамп өзүнүн Truth социалдык түйүнүндө.

Көрүүчүлөрдү алаксытууга багытталган Трамптын алдын-ала жаздырылган эки сааттык маеги дебат башталар алдында көрсөтүлдү.

Сурамжылоолорго ылайык, республикачылардын арасынан Трамп алдыда келатат. Анын эң башкы атаандашы деп саналып жаткан Рон Десантис Трамптан 46% артта калууда.

Эки саатка созулган дебатта республикачылардын талапкерлери бири-биринин кемчиликтерин белгилөөгө аракет жасашты.

Республикачылардын шайлоого катыша турган талапкери беш айдан кийин белгилүү болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *