Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Тайвань: Кытай аралдын айланасында аскердик активдүүлүгүн күчөттү

0
Тайвань: Кытай аралдын айланасында аскердик активдүүлүгүн күчөттү

Тайвандын бийлиги билдиргендей, Кытай аралдын айланасында аскердик активдүүлүгүн күчөтүүдө. 25-августта Тайванга жакын аймакка Кытайдын 13 аскердик учагы жана беш патрулдук кемеси киргенин "Рейтерс" агенттиги Тайвандын коргоо министрлигине таянып жазды.

Тайвань бийлиги учурда байкоо жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Өткөн дем алыш күндөрү Кытайдын армиясы Тайвандын жээгине жакын жерде аскердик машыгууларды өткөргөн. Расмий Бээжин билдиргендей муну менен алар Тайвандын бийлигине "чет мамлекеттер менен бирге кутумга кирип кетпөөнү" эскертүүдө.

Тайвандын бийлиги Кытайдын аракеттерин "иррационалдык жана чагымчыл" деп атап, сынга алды.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган "Гоминдан" партиясы өлкөнүн Тайвань аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *