Кыргызстан Германия менен кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча мамилесин активдүү бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу Германияда иш сапарда жүргөн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси маалымдагандай, 24-августта ал немис президентинин мекеме башчысы Дёрте Дингер менен сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз тараптын Германия менен мындан ары да активдүү кызматташуу ниети бар экенин белгиледи.
Өз кезегинде немис тарап да ортодогу мамилени бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын жана “Жашыл Борбор Азия” демилгесин ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленип, министр Кулубаев кыргыз президентинин тышкы карызды “жашыл” долбоорлор аркылуу реструктуризациялоо демилгеси тууралуу айтып берди.
Ошол эле күнү Германия экономикасынын чыгыш аймагы боюнча комитетинде да жолугушуулар өткөнү, анда эки өлкө ортосунда соңку кезде экономикалык кызматташтык активдешип, Германиядан инвестиция көбөйө баштаганы айтылганы кабарланды.
Европадагы 27 өлкөнүн, анын ичинде Германиянын башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.
Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган. (RK)
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Sea War: Raid 1.131.0
Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ
Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Премию Фета получил поэт из Югры
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.