Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү Олжобай Шакирдин камалышы боюнча бийликке кайрылды

0
Медиа коомчулуктун өкүлдөрү Олжобай Шакирдин камалышы боюнча бийликке кайрылды

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу Кыргызстандын медиа коомчулугунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду. Анда Шакирге козголгон кылмыш иши негизсиз болгонун, Кыргызстандын Баш мыйзамында жана Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда өз пикирин эркин айтууга жана тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги кепилденгени белгиленген.

“Бирок укук коргоо органдары жарандардын мыйзамдуу талаптарын “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” катары карап жатышат. Кармоо жана тергөө абагына камоо чаралары бийликтин ачыктыгын талап кылган жана каталарын сындаган жарандарга колдонулуп жатат”, - деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууда буга чейин Кыргызстанда бир катар эркин медиаларга - “Азаттыкка”, “Кактус” жана “Клооп” басылмаларына каршы бир катар митингдер уюштурулганын, анда редакцияларды жабуу эле талабы коюлбай, коркутуулар да болгону айтылган.

“Мисалы, 2022-жылы октябрда митингдин катышуучусу “Азаттыктын” кеңсесин бензин менен өрттөп кетем деп коркуткан. Ушул эле киши жогорудагы үч медианын кабарчыларын коркуткан. Бирок ага карата эч кандай кылмыш иши козголбой, жоопкерчиликке да тартылган эмес”.

Ошондой эле бийлик “жарандар бийликке талаптарды койбошу жана ыңгайсыз суроолорду бербеши үчүн мыйзамды журналисттерге, укук коргоочуларга, жарандык активисттерге каршы жазалоочу курал катары колдонуп жатат” деп белгилешкен.

Алар бийликтен Олжобай Шакирге козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны эркиндикке чыгарууну, тынч жыйындарды өткөрүүгө кепил болгон Баш мыйзамдын талаптарын аткарууну талап кылышкан.

Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, кармалган. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Атайын кызмат Олжобай Эгембердиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш ишин козголгонун 25-августта билдирди. Анда Шакир "Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы" айтылат.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Ал соңку кездерде журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да кызматташып жүргөн.

Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеген. Сайт "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктарын уюштуруп, алар коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *