Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ысык-Көл жана Панфилов райондоруна жаңы акимдер дайындалды

0
Ысык-Көл жана Панфилов райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Президент Садыр Жапаров 25-августта Ысык-Көл районуна Жапарбек Ормоновду аким кылып дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бул кызматты ээлеп турган Калыбек Жумадылов өз арызы менен иштен кеткен. Анын алдында алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн аны иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилген.

Ушул эле күнү Панфилов районуна Бекмаат Масаидов аким болуп дайындалды. Бул кызматты ээлеп турган Маил Алиаскаров өткөн аптада айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган.

Жапарбек Ормонов былтыр августта Чолпон-Ата шаарына мэр болуп дайындалган. Ага чейин Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинен ат салышкан. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын учурунда Ош шаарында аны белгисиз адамдар катуу ур-токмокко алганы кабарланган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *