Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Дания өкмөтү Куранды өрттөөгө тыюу салган мыйзам сунуштарын билдирди

0
Дания өкмөтү Куранды өрттөөгө тыюу салган мыйзам сунуштарын билдирди

Даниянын өкмөтү диний китептерди, анын ичинде Куранды, Библияны жана башкаларды өрттөөгө тыюу салган мыйзамды сунуштоону көздөп жатат. Ага ылайык, диний китептерди өрттөгөндөргө кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул тууралуу 25-августта юстиция министри Петер Хуммельгорд билдирди. Ал Куранды өрттөө акцияларын "чет жакта жана өлкө ичинде даниялыктардын коопсуздугуна коркунуч келтирген мазактоо актысы" деп атады.

Учурда коңшу Швециянын бийлиги да ушуга окшош чара киргизүүнү караштырып жатат.

Июнь-июль айларында Скандинавиядагы эки мамлекетте бир нече жолу Куранды өрттөө акциялары өткөн. Буга байланыштуу ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык митингдери өтүп, Швеция менен дипломатиялык алаканы үзүү боюнча чакырыктар жаңырган.

Кыргызстан бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун табууга үндөгөн.

Көп өтпөй Дания менен Швеция Куран китебин өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолдорун" караштырып жатканын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *