Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кремль Пригожиндин учагынын кулашына тиешеси жок экенин билдирди

0
Кремль Пригожиндин учагынын кулашына тиешеси жок экенин билдирди

Кремль "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык учактын кулашына тиешеси жок экенин билдирди.

23-августта болгон авиакырсыкта каза тапкандар арасында Пригожин өзү да болушу мүмкүн экени кабарланууда. Азырынча бул маалымат расмий бышыктала элек.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 25-августта билдиргендей, учурда авиакырсыкта каза болгондордун тек-жайын аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

"Бул авиакырсыктын, жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде Евгений Пригожиндин өлүмүнүн айланасында абдан көз боёмочулук көп болуп жатат. Албетте, мунун баарын Батыш белгилүү бир ракурстун алдында көрсөтүүдө. Мунун баары абсолюттук калп. Бул жерде бир гана фактыларга таянуу керек. Ал эми фактылар анча көп эмес. Аларды тергөө амалдарынын алкагында аныктоо керек", - деди Песков.

24-августтун кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Твердеги учак кырсыгында өмүрү кыйылган он кишинин жакындарына көңүл айтуу менен бирге Пригожин тууралуу өткөн чакта сүйлөдү.

Бирок Путин башкы "вагнерчинин" өлүмүн расмий ырастаган жок.

23-августтун кечинде Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин аттуу киши болгон.

24-августтун таңында куткаруу иштери аяктаганы, кырсык болгон жерде он кишинин сөөгү аныкталганы кабарланды.

"Вагнердин" командирлери Евгений Пригожиндин өлүмүн ырасташты, анткен менен ага жакын Телеграм-каналдар Пригожиндин өлүмүнүн расмий бышыкталышын күтүүгө чакырышты.

Пригожиндин эки ай мурдагы козголоңун эске алганда, орус бийлиги атайылап анын көзүн тазалаган болушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Ал орусиялык аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган. Телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин орто жолдон артка кайткан.

Куралдуу козголоң маалында жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *