Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кировдо суу азайды. Дыйкандын мээнети кантип акталат?

0

Таластагы Киров суу сактагычында быйыл суу абдан аз топтолду. Мындан улам жергиликтүү дыйкандар жана коңшу Казакстандын Жамбыл облусунун дыйкандары бир топ зыянга учураганын айтууда.

Ушул тапта Чоң-Капка өткөрмө бекетинде да автоунаалардын тыгыны да азайбай турат. Буга чейин чек ара бекетинде пайда болгон тыгын суу маселесине байланыштуу экени айтылганы менен расмий тараптар аны ырастаган эмес.

Киров суу сактагычы башкармалыгынын башчысы Шыгай Момуналиев быйыл суу жылдагыдан кыйла аз келгенин белгилеп, буга кургакчылык себеп болгонун билдирди.

"Былтыркыга салыштырмалуу быйыл суу сактагычта суунун көлөмү өтө эле аз. Былтыр ушул убакта 100 млн куб суу бар болсо, быйыл 10-14 миллиондун айланасында болууда. Буга мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык себеп болду".

Быйылкы суу тартыштыгы Манас районундагы дыйкандарды да түйшүккө салды. Бул аймакты Киров суу сактагычы суу менен камсыздайт.

Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Алишер Надырбековдун короосундагы жүгөрүсүнө быйыл суу жеткен эмес. Талаадагы төө бурчагы да жетиштүү сугарылбай калган.

"Казак туугандарга эмес, өзүбүзгө суу жетпей жатат. Өзүбүздө болбой жатып бирөөгө кантип беребиз? Аларга колдон келишинче берилди. Оокатың өзүңдүн үй-бүлөңө жетпей жатса бирөөгө тамагыңды тартып берип салбайсың да. Суу биринчи өзүбүзгө жетиш керек болчу. Эми алардын таарынычын түшүнбөй турам. Чек арасын жапса жабышсын, андан эч коркунуч жок. Эки айдан кийин өздөрү ачат. Аларга деле оокат керек да".

Ушул эле Киров суу сактагычынан суу алган Казакстандын Жамбыл облусунун дыйкандары да суу тартыштыгынын азабын тартып жатышат.

"Азаттыктын" кабарчысы алар менен да жолугушту. Жамбылдын Байзак айылынын тургуну Аманбай Жумабаев ижарага алган жерге жашылча-жемиштин түрүн олтургузган. Август айында суу токтогондон бери короосу кургап калганын айтып берди:

"Мына, суу ичпеген помидорлорубуздун баары куурап, жерге түшүп жатат. Суу келбегенине бир ай болду. Мындан сырткары аркы чарбактагы калемпир, бадыраңдарыбыз куурап жатат. Эми сентябрдын аягы, октябрдын башында Талас суусунан да, Базарбай каналынан да суу толуп агат. Ал суу кумга кетет. Сууну дыйканга азыр бериши керек эле да. Кийин эмне кереги бар?".

Таластагы Чоң-Капка өткөрмө бекетинде автоунаалардын тыгыны азая элек. Ушул тапта 70ден ашык оор жүк ташуучу жана 50дөн ашык жеңил автоунаа токтоп турат.

"Орто жерден карапайым эл кыйналып жатат. Негизи маселени эки өлкө орток пикирге келип чечип берсе, жергиликтүү айдоочулар эле эмес, Орусияга кетип жаткан айдоочуларга, ишкерлерге жакшы болмок. Жок жерден жабыр тартып жатышат", - деди жергиликтүү айдоочулардын бири Азиз Бузурманкулов.

Ошондой эле өткөрмө бекеттин Казакстан тарабында да 50дөн ашык машина кезек күтүп, Кыргызстанга кире албай турат. Коомчулук чек арадагы мындай чектөөлөрдү суу маселеси менен байланыштырып жатат. Казак тарап “эч кандай чектөө жок” деген жүйөнү карманууда.

24-августта Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө жайындагы абал менен таанышкан.

Кыргызстандын өтүнүчү менен ЕЭКтин алкагында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны биримдиктеги энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев жетектей турган болгон.

Деген менен ЕЭКтин жумушчу тобун казак чек арачылары өздөрү тарапка өткөргөн эмес.

Арзыбек Кожошев расмий кайрылуусуна жооп боло электигин, Казакстан уруксат берсе, ал жактагы абал менен таанышарын жума күнү айтты. Ошондой эле 29-августта ЕЭКтин кеңешинде бул маселе көтөрүлөрүн билдирди.

Ал кыргыз-казак чек арасында соңку кырдаалды “бул жакшы көрүнүш эмес” деп мүнөздөдү.

Ал тапта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырды.

“Мамлекет башчы өкмөткө казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин негизинде жөнгө салууну тапшырды. Ошондой эле, чек арадан мыйзамсыз товар ташууну болтурбоо үчүн санариптештирүүнү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи”, - деп жазылган Акордонун ишемби, 26-августта тараткан расмий маалыматында.

Казакстандын бир катар аймактары сугат сууну Кыргызстандын Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан алат. Быйыл бул эки суу сактагычта тең кырдаал оор болуп, суунун көлөмү эң төмөнкү чекке түштү.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин башчысы Алмазбек Сокеев 23-августтагы басма сөз жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ушул тапта коңшу өлкөгө Таластагы Киров суу сактагычынан суу берилбегени менен, Чүй дарыясынан 10 млн куб суу берилип жатканын жарыялаган.

Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик өлкө болуп эсептелет. Акыркы жылдарда казак чек арасындагы ар кандай эле чектөөлөр байма-бай орун алып келет.

Кыргызстан чек арадан жүк алып өтүүдө ЕАЭБдин шарттары аткарылбай жатканын айтып, нааразылык билдиргени менен, андан тыянак чыкпаганын соңку окуялар көрсөтүүдө.

Чек арадагы узун кезек күтүүлөр жана тыгын маселеси Кыргызстан ЕАЭБге кошулган 2015-жылдан бери деле чечилбей, Астана кайра Кыргызстан аркылуу жүк ташыгандарга эрежелерди катаалдатып, кыргызстандык ишкерлерди, айдоочуларды түйшүккө салган учурлар утур-утур кайталанып жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *