Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргызстанга палестин тышкы иштер министри расмий сапар менен келет

0
Кыргызстанга палестин тышкы иштер министри  расмий сапар менен келет

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики 27-28-август күндөрү Бишкекте расмий сапар менен болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт. Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат,  түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат",-деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын июнь айында Палестинанын президенти Махмуд Аббас Кытайдагы мамлекеттик сапарынан кайтып баратканда Кыргызстанда жол ара (кыска мөөнөттүү) сапар менен болгон. Анда президент Садыр Жапаров менен жолуккан.

Жапаровдун басма сөз кызматы ал “Кыргызстан араб дүйнөсү менен кызматташууну бекемдөөгө умтуларын жана Палестинаны эл аралык аренада колдоп келгенин, кыргыз тарап Бириккен Улуттар Уюму менен Ислам Кызматташтык Уюму алкагында Палестина менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтканын” билдирген.

Махмуд Аббас эки тараптуу мамилелердин абдан чоң потенциалын эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин күчөтүүнү кааларын айткан жана Кыргызстанда элчилигин ачууга даяр экенин белгилеген.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1995-жылдын сентябрь айынан тарта башталган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *