Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ысык-Көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жыйналды

0
Ысык-Көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жыйналды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү акыр-чикирден арылтуу иштери уланып жатканын билдирди. Анда март айынан бери мекеменин суучулдары көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жана 98 миң метр балык уулоочу торду алып чыкканын кабарлады.

"Ушул тушта Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. 26-августка карата Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянт тазаланды",-деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *