Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Бишкекте "Бизди бириктирген Манас" деп аталган иш-чара өттү

0
Бишкекте

Бишкекте этностук кыргыздардын башын бириктирген "Бизди бириктирген Манас" аталышындагы маданий иш-чара өттү.

Аны "Этностан" маданий борбору уюштуруп, ал Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына арналды.

Ага коомдук жана саясий ишмерлер, манасчылар, маданият тармагынын өкүлдөрү, кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык оогандык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.

Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Ооганстанда, Түркияда жашаган кыргыздардын маданияты жана алардын арасынан чыккан манасчылар тууралуу сөз болду. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай тууралуу тасма көрсөтүлдү. "Эсимде" изилдөө аянтчысы, "Акбарак" фонду, жана "Тилимпоз" уюмунун дагы эмгектери эл назарына коюлду.

Иш-чаранын аягында улуу өнөрдүн улантуучуларын колдоо максатында "Этностан" коомдук бирикмеси Кыргыз улуттук "Манас" театрына 30 000 сомдук сертификат берди.

Аталган бирикме кийинки жылы акындардын арасында да ушундай иш-чараны өткөрүүнү пландап жатат.

Этностук кыргыздар кирген "Этностан" 2021-жылы негизделген. Анын максаты Кыргызстан менен этностук кыргыздардын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды колдоого багытталган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *