Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Журналисттик иликтөө, Конев менен Рустам Жапаровдун байланышы

0
Журналисттик иликтөө, Конев менен Рустам Жапаровдун байланышы

Президент Садыр Жапаров “ПолитКлиника” басылмасынын “Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар” аттуу иликтөөсү тууралуу комментарий берип, “СК-девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев менен уулу Рустамдын байланышы бар экенин бышыктады. Ал ошондой эле уулу президенттин баласы катары ишеним жаратып, инвестиция тартууга көмөктөшүп жатканын жарыялады. Соңку жагдай президенттин жакындары мамлекеттик иштерге кийлигишип жатабы деген талкууларга жем таштады.

Үч ирет элдик толкундоо менен бийлик алмашкан Кыргызстанда өлкө жетекчилеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн мындай аракеттери сынга кабылып келген.

Президенттин бышыктоосу

Президент Садыр Жапаровдун 26-августта мамлекеттик “Кабар" агенттигине курган кезектеги маеги “Клооп” жана “ПолитКлиника” порталындарына жарыяланган журналисттик иликтөөлөрдү төгүндөөгө арналды. Буга чейин аталган медиалар Жалал-Абаддагы “Барселона” футбол академиясынын ачылышындагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын жана Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине байланыштуу президенттин уулунун катышы тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Садыр Жапаров буга чейинки маектери сыяктуу эле бул ирет да көз карандысыз маалымат каражаттарын соңку иликтөөсү үчүн мамлекеттик кызыкчылыкты коргобойт деп сындап өттү. Ал “ПолитКлиниканын” иликтөөсүндө айтылган Ысык-Көлдөгү коттедждер боюнча орусиялык ишкер Алексей Конев менен уулу Рустамдын кандай байланышы болгонун түшүндүрдү:

“Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. "Керемет банк" өзүңөр билесиңер, мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдүк".

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Аврора Плюс” эс алуу жайындагы Максим Бакиевдики делген 4 коттеж, 33 квартиранын баары мамлекетке өткөрүлгөнүн кошумчалап, аны менен Коневдин байланышына токтолгон:

"2010-жылдан бери аттарын атабай эле коеюн, үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп олтурушуптур. Ошентип иликтөөлөрдүн негизинде “СК-девелопмент” деген компаниясы Кош-Көл айылына гольф клуб салам деп, 92 гектар жерди конкурстан утуп алыптыр. Ал жерди киши жиберип текшертсем, тагдыры Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдырын кайталаганы калыптыр. "Бисимилла" деп иш баштаганда эле курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору көрсөтүп кура башташкан экен. Дагы жакшы курулуш жаңы башталган экен. Дароо токтотуп калдык. Эгер тим койсок бир эки имаратты бир миллион долларга салып туруп, курулушту токтотуп коюп 10 миллион долларга салдым, ким катышам десе же сатып алам десе 10 миллион бергиле деп олтура бермек. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын каскад ГЭСиндей болуп биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. Биз азыр ошол Нарын ГЭС боюнча 40 миллион доллардан ашык сумма Орусияга карызбыз. Эл аралык соттон утулганбыз. Анан ушул сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип олтуруп калабызбы деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат”,- деген Жапаров уулу Рустам "президенттин баласы катары ишеним жаратып, инвестиция тартууга көмөктөшүп жатат" деп билдирген.

“Уулумду жибергеним жакшы эле болгон экен. “СК-девелопмент” курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, бербептир. Анткени тарыхы начар да. "Керемет банктан" насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат. Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар. Ушул жерден дагы бир жолу кайталап коеюн. Колуңардан келсе ар бир кыргыз жараны чукуламайды токтотуп, өлкөгө инвестор тарткыла. Эң негизгиси Жапаров-Ташиевдер мамлекетке бир тыйын зыян келтирбейт. Муну көзөмөлдөгөнгө ал-күчүм жетет. Тескерисинче сырттан мамлекетке ташып келерине ишенем. Мурдагылардын катасын кайталабайбыз”.

"Политклиниканын" иликтөөсү

“ПолитКлиника” басылмасы 25-августта Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан “Аврора Плюс” эс алуу жайынын мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысынан улам козголгон кылмыш иши тууралуу "Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар" деген иликтөө чыгарган.

Анда Алексей Коневдин жана ал жетектеген “СК Девелопмент” компаниясынын айланасындагы күмөндүү жагдайларга Садыр Жапаровдун баласы Рустам Жапаровдун жана президенттин жакын адамы деп айтылып келген Арзыбек Буркановдун байланышын ачып берген.

Алексей Конев “СК Девелопмент” компаниясын жетектейт. “СК Девелопмент” өздөрүн девелопердик компания деп тааныштырат. Алар кайсы бир долбоорду ишке ашырууда башынан аягына чейин катышат, курулган объектилерди ижарага берип, сатып, башкарып келет.

“СК Девелопмент” азыр Ысык-Көлдүн жээгинде чоң комплек куруп жатат. План боюнча бул комплекстин ичинде беш жылдыздуу мейманкана, виллалар, коттеждер, бассейн жана 68 гектар жер аянтын ээлеген алгачкы гольф клубу болмокчу.

Ушул жылдын 29-апрелинде президент Жапаров курулуш менен таанышып кайткан.

Алексей Конев кайда?

Ага чейин былтыр, 2022-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көл жээгинде кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун жарыялаган. Бул иш боюнча бир нече адам шек саналып кармалганы, алардын ичинде “СК Девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев да бар экени айтылган. Сөз болуп жаткан мүлктөр “Аврора Плюс” эс алуу жайына тиешелүү экени белгилүү болгон.

“2022-жылдын 5-февралында аталган адамдардын тобуна кыймылсыз мүлк объектилеринин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жолу менен түздөн-түз көмөк көрсөткөн “СКД” ЖЧКсынын жетекчиси “К.А.В.” кармалып, 2022-жылдын 7-февралында ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндө чечим кабыл алынды”,- деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Бирок "ПолитКлиниканын" ушул аптадагы иликтөөсүндө УКМКнын маалыматындагы Конев камакта эмес, чет мамлекетте экенин анын компаниясынвн өкүлдөрү билдиришкен.

Алексей Конев өзүнө кылмыш иши козголгондон кийин жогоруда айтылган “СК Девелопмент” компаниясындагы 50% үлүшүн президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам Жапаровдун жакын досу Элдос Усенбековго 500 сомго өткөрүп бергенин басылма билдирген.

Иликтөөдө айтылгандай, 2022-жылы компания экинчи жолу кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүлөрдүн курамына президенттин жакын адамы Арзыбек Буркановдун бир тууган кайын эжеси Гүлбара Бокушова да кошулуп калган.

Коомдогу талкуу: Президенттин жакындары мамлекеттик ишке аралашып жатабы?

Президенттин "Кабар" агенттигине жарыяланган маегинен кийин социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында мамлекеттик кызматта иштебеген Рустам Жапаров инвестиция тартууга кантип аралашып жатат деп суроо салгандар чыкты.

"ПолитКлиника" басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбек президенттин уулу дароо чоң долбоорлорду көзөмөлдөп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар менен иштеше баштаганы суроо жаратып жатканын белгиледи:

"Кызматташып атат деген адамдын өзү күмөндүү, анын иши тергелип бүтө элек. Конев менен бирге кармалган Вадим Чикунаевдин иши мисалы бүткөн, Коневдики болсо эмнегедир сотко өтпөй атат. Ал кылмыш иши козголгондон кийин үлүшүн Рустам Жапаровдун досуна өткөрүп берип атат. Анан бардык эле адамдарда суроо жаралат. Эмнеге мындай болуп калды? Кылмыш ишине байланыштуу эмеспи? Соодалашып алган жокпу булар деген. Садыр Жапаров Коневдин кылмыш иши боюнча сөз кылган жок өз сөзүндө. Ал киши камалабы, тергөө кандай болуп атканы тууралуу деле ачык айткан эмес. Уулу Рустам 2020-жылга чейин инвестиция тартып же болбосо ошол тармакта иштеген эмес. Ал чакан ишкерликти 2020-жылдан кийин гана баштаган. Негизи ири инвестор тартканга Алексей Конев жетектеген "СК Девелопменттин" өзүнүн деле кудурети жетмек. Анан эмнеге буга Рустам Жапаров кийлигишип атат? Ошол күмөн болууда. Президент өзү "Рустамды көзөмөлдөтүп койдум, барып карап кой" деп айтканын билдирди. Бул түздөн-түз үй-бүлөлүк башкарууга алып барат. Агасы Сабыр Жапаров алтын чуусуна аралашканда да "мага жардам берип атат" деп айткан".

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Рустам Жапаров инвесторлордун аткарган иши тууралуу маалымат берүү милдетин гана аткарып жатат деп түшүндүрдү:

"Коом бизде жаңы калыптанып келатат. Сырттан келген инвесторлордун көпчүлүгү жаңы багытка түшкөнүбүзгө, коррупциядан тазаланганыбызга ишенбей турат. Келери менен 10% сурап ийгендер азыр деле болуп атат. Президент жыргаганынан коюп аткан жери жок, ал жок дегенде инвесторлор жөнүндө так маалымат берип турсунчу деген ой менен койду. Рустам айлык алып, же бир кызматты аркалап аткан жери жок, ал болгону так маалыматты берип турат. Ишенимдүү адамдар азыр аз болууда, мурда деле ошондой болгон. Далай жаштарыбыз кызматка баргандан кийин жаман ишке аралаша калып атат, муну ачык айтыш керек. Президент жыргаганынан ошол жерге "маалымат алып берип тур" деп жиберип аткан жери жок. Президент өткөндө сотторго кайрылып, бүт шарттарды түзгөнүнө карабай алар алганын токтотпой жатканын айтты. Ошондуктан бизде коомубузда тазалануу кыйын болууда. Аргасыздыктан болуп атат", - деди Абыкеев.

Саясат талдоочу Эмил Жороев мурдагы бийликтегилердин бала-чака, тууган-уругунун мамлекеттик башкарууга аралашуусунун кесепети оор болгонун эске салды. Ал өлкөдө инвесторлор ар бир ишкерге ишене тургандай жагдай түзүлүшү керек деп эсептейт.

"Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек деп жакшы кабар өңдүү кылып айтканында менимче өлкө үчүн кейиштүү кабар турат. Эгер таза ой менен келген инвестор президенттин баласы болбогондо ишенбей калчу болгон болсо, демек өлкөдө мыйзам жок, салган инвестицииясынын коопсуздугуна бийликтин тегерегиндегилер гана кепилдик бере алат, ансыз салган акчасын жоготуп коюу ыктымалдыгы чоң экендигин билишет деген сыяктуу кабар турат. Эгер чындап президенттин уулу же ага жакын турган бийликтегилер гана инвестиция алып келе ала турган болсо, биз бизнес кылбай койсок деле болот. Экономиканы үй-бүлөлүк жоопкерчиликке берип коелу, бирок бул жакшы эмес. Тууган-туушкан, дос, куда, балдары аралашкан окуяларды Бакиевдин, Атамбаевдин жана Аскар Аскаевдин убагында көргөнбүз. Президент балким мурдагылардан башкача иштеп аткандай, өзүнүкү гана туура болуп аткандай ойлошу мүмкүн, бул психология. Бирок сырттан караганда баары бир нуктагы, бир жолдогудай көрүнөт. Президент мындай нерседен алыс болбосо бийлик үчүн, өлкө үчүн жакшы эмес. Рустам Жапаровдун азыркы кезде ишке ашып жаткан аракеттери Максим Бакиевдин, Айдар Акаевдин, Адил Тойгонбаевдин аракеттерине окшойт. Акыр түбү кандай болоруна мен көз ачыктык кылгым келбейт".

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, соңку үч жылда өлкөгө келген инвесторлордун саны жана алардан тартылган каражат көбөйгөн. Былтыр сырттан 1 млрд 200 млн доллар түз инвестиция келген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *