Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Румыниядагы жарылууда жабыркаган дагы бир киши каза болду

0
Румыниядагы жарылууда жабыркаган дагы бир киши каза болду

Румыниядагы газ-май куюучу станциядагы жарылуудан каза болгондордун саны экиге жетип, 57си жараат алды.

Жабыркагандардын 39у өрт өчүрүүчү, төртөө полиция кызматкери экенин, көбү катуу күйүк алганын "Азаттыктын" румын кызматы жазды.

Оор абалдагы жети адам дарылануу үчүн Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнө жөнөтүлдү.

Окуя борбор калаа Бухаресттен 30 чакырым алыстагы Креведия деген жерде 26-августта кечинде болгон.

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис муну "трагедия" деп сыпаттап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Биринчи жарылуу кызматкерлер жаңы цистернаны станцияга туташтырганда болгон. Өрт дагы эки цистернаны каптап, экинчи жарылуу болгон. Ал жерге жакын жашаган 3000ден ашуун тургун эвакуацияланды. Бухарест-Плоешти трассасында кыймыл токтотулду.

Окуянын себебин Башкы прокуратура иликтеп жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *