Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Австралиядагы машыгууда америкалык үч аскер набыт кетти

0
Австралиядагы машыгууда америкалык үч аскер набыт кетти

27-августта Австралиянын жээгинде Osprey V-22 учагы кулап, АКШнын деңиз аскерлеринин кеминде үч жоокери каза тапты. Окуя АКШ менен Австралиянын биргелешкен машыгуулары учурунда болду.

"Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Мелвилл аралына жакын жерде, жээктен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан аймакта чукул куткаруу иштери уланууда.

Америкалык аскер кызматкерлери учакта 23 жоокер болгонун билдиришти.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе жана коргоо министри Ричард Марлес АКШ аскерлерине көңүл айтты.

Бул үлгүдөгү учак 2000-жылдан бери бир канча жолу кулаган. 2022-жылы Норвегияда НАТОнун машыгуусунда төрт аскери каза тапкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *