Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Кыргызстанда жарандарды миграцияга даярдаган борборлор ачылат

0
Кыргызстанда жарандарды миграцияга даярдаган борборлор ачылат

Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда Миграцияга чейин даярдоо жана окутуу борборлору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Министр Кудайберген Базарбаев Билим берүү жана илим министрлигинин жана кесиптик окуу жайлардын башчылары менен жолугуп, борборлорду уюштурууну талкуулады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан мигранттарды даярдаган он борбор ачылат.

"Жолугушууда бул борборлордо кадрларды окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу иштери жүрөрү айтылды. Анда жумушсуз жарандарга, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө, жашоо-турмуштан кыйналып жүргөн жарандарга кыска мөөнөттүк курстар уюштурулат",- деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаров президенттик шайлоо өнөктүгү маалында эле мигранттарга байланыштуу бир топ убадаларды берген. Анда четте кезерип иштеп жүргөн мекендештердин түйшүгүн жакшы билерин айтып, аларды кайтарууга батыл аракеттер жасаларын айткан.

Шайлоодо утуп чыккандан кийин ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө мигранттарды кайтарып келүү анын мамлекет башчысы катары милдети болорун убада кылган.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы четтеги кыргыз мигранттарын мекенине кайтарып келүүгө байланыштуу ошондон бери кандай иштер жасалып жатканы тууралуу маалымат бере элек.

Ушул тушта 1,5 миллондой кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө эмгектенип жүрөт. Алардын миллиондон ашууну Орусияда иштейт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *