Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Казакстандыктардын Астанага миграциясы чектелбейт

0
Казакстандыктардын Астанага миграциясы чектелбейт

Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри, вице-премьер Тамара Дуйсенова өкмөт казакстандыктарга Астанага көчүүгө тыюу салууну көздөбөгөнүн билдирди. Анын алдында аткаминер башкалаанын акимчилиги шаарга миграцияны чектөө каралган мыйзам долбоорун даярдап жатканын айткан. 30-августта Дуйсенова кеп башкалаанын Башкы планы тууралуу жүрүүдө деп билдирди. Планда турак жайларды салууга чектөө киргизүү каралган.

Жакында Астананын Коомдук кеңеши шаардын 2035-жылга чейинки Башкы планын талкуулаганда калаанын калкы тууралуу маселе козголгон. Кеңеште башка аймактардын жашоочуларынын жакшы турмуш издеп Астанага көчүп келүүсүн токтотуу тууралуу айтылган. Талкуунун катышуучулары элет жерин, чакан шаар-кыштактарды өнүктүрүү керектигин белгилешкен.

Буга чейин айрым аткаминерлер жана блогерлер элдин Астанага агылышынын терс кесепетин, ошол эле транспорт инфраструктурасынын жетишсиздигин айтып келишкен.

Казакстандын Улуттук статистика бюросунун быйыл июлдагы маалыматына караганда, Астана калктын саны жагынан Алматы, Түркстан облусу жана Алматы облусунан кийинки төртүнчү орунга жайгашкан. Казак башкалаасында 1 376 528 киши жашайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *