Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Дания Куранды өрттөөнү мыйзамсыз деп тааныган мыйзам долбоорун сунуш кылды

0
Дания Куранды өрттөөнү мыйзамсыз деп тааныган мыйзам долбоорун сунуш кылды

Даниянын өкмөтү Куранды коомдук жерлерде өрттөөнү мыйзамсыз деп тааныган мыйзам долбоорун сунуш кылууда. Бир нече жумадан бери Дания жана Швецияда мусулмандардын ыйык китебин өрттөөгө же башка акаарат келтирүүгө байланыштуу катуу нааразылыкка туш болуп келатат. Мусулман өлкөлөрү скандинав мамлекеттерин мындай көрүнүштү токтотууну талап кылышууда.

Даниянын юстиция министри Петер Хаммелгаард өткөн жумадагы басма сөз жыйынында билдиргендей, өкмөт диний жамааттар үчүн маанилүү Куран, Тоорат же Инжилге “осол мамиле” кылуу үчүн жаза каралган долбоор сунуш кылышы мүмкүн экенин билдирген. Мыйзамды бузгандарга айып пул салынат же эки  жылга чейин эркинен ажыратылат.

Айрым оппозициялык партиялар жобо сөз эркиндигин чектейт деп каршы болууда.

26-августта мусулман жамаатынын, мечиттердин өкүлдөрү Копенгагенде Куранды өрттөөгө каршы чакан демонстрацияларды уюштурган. Алар жаңы сунушту колдой турганын айтып, мыйзам сөз эркиндигин чектебей, алардын укуктарын коргойт деп эсептешет.

Дания өкмөтү долбоорду 1-сентябрда парламентке тапшырмакчы. Депутаттар күзгү сессиялар башталганда добуш берет.

Эксперттер документти парламенттеги көпчүлүктү түзгөн өкмөт сунуш кылгандыктан, ал колдоо табат деп эсептешет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *