Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Футбол: “Барселонанын” мурдагы оюнчулары 3:0 эсебинде утту

0

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. Оюнда 2:0 эсебинде "Барселонанын" оюнчулары утту.

Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин берип, Кыргызстанда да дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар тарбияланып чыгарын айтты.

Президент Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында “Барселонанын” мурдагы футболчуларына каршы ойноп жатат.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган.

Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

30-августта Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *