“Ата-Бейитте” ачылган сыр
1991-жылы 30-августта сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү ызаат менен кайра жерге берилген. Эртеси кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн жарыялаган. Тарыхый эс тутумду ойготкон бул окуяны коомдук ишмер Роза Айтматова, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов жана тарыхчы Аида Кубатова менен бирге эскеребиз.