Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ошто Насирдин Исановдун айкели ачылды

0
Ошто Насирдин Исановдун айкели ачылды

Эгемен Кыргызстандын алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгын белгилөө иш-чаралары бүгүн 31-августта Ош шаарында анын айкелинин ачылышы менен уланды. Айкел Ош мамлекеттик университетинин алдына аталган окуу жайдын жамаатынын демилеси жана аракети менен орнотулду.

Айкелдин ачылыш салтанатына катышкан президент Садыр Жапаров өз сөзүндө 1991-жылы өлкөдө өндүрүш төмөндөп, жумушсуздук күчөп, эмгек акы боюнча карыз топтолуп, экономика өзү рецессия абалда турганын, ошол жылы өкмөт башчылыкка дайындалган Исанов конкреттүү сунуштарын алып чыкканын, ал сунуштар эң туура болгонун кийинки окуялар далилдегенин айтты.

 

Президент Кумтөр маселесинде Исанов өз позициясында катуу туруп, кыргыз алтынын өзүбүз гана иштетебиз деген көз караштан тайбаган ишмер болгонун белгилеп, “Тилекке каршы, шылуундардын максаты ишке ашып, анын аягы Исановдун кейиштүү тагдыры менен жыйынтыкталганы өтө өкүнүчтүү болду” деп айтты.

Насирдин Исановдун өмүрү Кумтөрдүн айынан кыйылганын 30-августта Ноокатта анын 80 жылдык мааракеси белгиленип жатканда өкмөт башчы Акылбек Жапаров да айткан.

Мунун алдында Исановго "Кыргызстандын баатыры" наамы ыйгарылган.

Кыргызстандын туңгуч премьер-министри 1991-жылы Бишкек-Ош жолунда табышмактуу жагдайда жол кырсыгында каза тапкан. Кырсыктын башка катышуучулары аман калган.

Канадалык инвестор "Центерра" менен бирге иштетип келген Кумтөр алтын кенин 2021-жылы Кыргызстан өз карамагына алган. Кендеги коррупция боюнча бир катар кылмыш иштери козголгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *