Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Ошто таза суу резервуарлары ишке берилди

0
Ошто таза суу резервуарлары ишке берилди

31-августта Ош шаарын таза суу менен камсыз кыла турган төрт резервуар ишке берилди. Ош облусунунда иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров бул жайдын ачылышына катышты.

Ар бир резервуарга 6 миң куб метр суу батат жана анда жарандар үчүн ичүүчү таза суу топтолот.

Маалыматка ылайык, шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарлар толук тазаланган. Баасы 194 миллион сомду түзгөн долбоордун ишке ашышы менен Ош шаарынын таза суу маселеси чечилгени айтылат.

Президент Жапаров 27-июлда Ош облусуна болгон жумушчу сапарында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушу менен таанышкан. Ал ишти тездетип, долбоорду бир ай ичинде бүткөрүүнү тапшырган.

Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Эки-үч күнгө чейин суу берилбей калган учурлар да болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *