Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды

0
Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды

Бишкекте бүгүн 31-августта мэрия Кытайдан сатып келген жаңы автобустар жолго чыгып, алар Эгемендик жана Билим күндөрүнө карата эки күн бою жүргүнчүлөрдү бекер ташымай болуп жатканын шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №15 (Ак-Ордо - Калыс-Ордо), №51 (7-апрель - Манас проспекти (айланма)) жана №52 (12-кичи район - Көлмө) деген үч жаңы каттам ачылды, ошондой эле маршруттук кичи автобустар тейлеп келген №100, №105, №152, №195, №32 деген каттамдарга да жаңы автобустар коюлду.

Бүгүн Эгемендик күнүнө карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтүп жаткандыктан борбор калаада коомдук транспорт түнкү 1ге чейин иштей турганы, эртең кадимки тартипке өтөрү кабарланды.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.

 

Жакында борбор калаага Кытайдын сатып алынуучу 1000 автобустун алгачкы 25и келген. Газ менен жүрүүчү бул автобустардын 500ү быйыл, калганы 500ү келерки жылы ташылып келери айтылган.

Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын, алардын айлык маянасы 50 миң сомдон болорун мэриянын басма сөз кызматы 15-августта жарыялаган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *