Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Йоханнесбургдагы өрт 60тан ашык адамдын өмүрүн алды

0
Йоханнесбургдагы өрт 60тан ашык адамдын өмүрүн алды

Түштүк Африка Республикасынын баш калаасы Йоханнесбургда үй-жайсыздар ээлеп алган көп кабатуу имаратта чыккан өрт кеминде 63 адамдын өмүрүн алды.

Бул тууралуу 31-августта Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Маалымат катчы Роберт Мулаудзи билдиргендей, таң сүрүп калганда тутанган өрттөн 40тан ашуун киши жаракат алды. Ал набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти.

Каза болгондордун арасында бир бала бар экени кабарланды.

Маалыматка караганда, борбордогу бош турган көп кабатуу имаратка үй-жайсыздар мыйзамсыз эле кирип алышкан. Ал жакта 200дөй адам жашашы мүмкүн экени айтылууда.

Азырынча тилсиз жоонун чыгышына эмне себеп болгону тактала элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *