Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Акыйкатчы адам укуктарын сактоо ыйык парз экенин айтты

0
Акыйкатчы адам укуктарын сактоо ыйык парз экенин айтты

Эгемендик Кыргызстандын эң кымбат баалуулугу экенин бүгүн 31-августта кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда акыйкатчы Жамила Жаманбаева белгиледи. Өлкөнүн көз каранды эместик күнүнө карата куттуктоосунда омбудсмен эгемендикти ар дайым сакташыбыз керек экенин, ар бир атуул үчүн, мамлекетибиз үчүн бүгүнкү күн абдан маанилүү экенин айтты.

Адам укуктарынын сакталышы жана корголушу эгемен Кыргызстандын эң башкы жетишкендиги болушу керектигин кошумчалаган акыйкатчы өлкөнүн эркиндигин баалоо, адам укуктарын бийик сактоо ар бирибиздин ыйык парзыбыз экендигин белгиледи.

Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдары өз отчетунда Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күчөп баратканын белгилешкен. HRW "бийлик сын айткандардын оозун басып" жатканына тынчсызданып, ЖМКга, бейөкмөт уюмдарга басым күчөп, жарандык активисттер кармалганын эске салган.

Кыргыз бийлиги бул сындарды четке кагып, өлкөдө "сөз эркиндиги бар экенин" билдирип келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *