Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

УКМК дагы бир мектеп директору кармалганын билдирди

0
УКМК дагы бир мектеп директору кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылууга шектелип дагы бир мектептин директору кармалганын билдирди. Бул соңку бир аптанын ичинде мектеп директору кармалган 4-учур. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Бишкектеги мектептердин биринин А.Г.Б. аттуу директору окуучуну башка мектепке которуу маселесин оң жагына чечип берүүнү убада кылып 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Директор 1-сентябрь күнү кармалып, атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча чогултуу практикасынан баш тартууга жана мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

УКМК 1-сентбярда Бишкек шаарындагы мектептердин биринин директору мыйзамсыз акча чогултууга айыпталып камалганын билдирген. Анда бул мектепте ата-энелерден мыйзамсыз схеманын негизинде ыктыярдуу-милдеттүү түрдө 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин депозитке акча чогултулуп жатканы аныкталганын маалымдаган.

30-августта Бишкек шаарындагы мектептерге балдарды 1-класска киргизүүдөгү коррупциялык схема аныкталып, эки адам камалган. Анда Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси А.Г.М менен А.К.О. аттуу жаран тымызын келишип алып, балдарын мектепке жаңы киргизип жаткан ата-энелерден акча чогултуп алып жүргөнүн кабарлаган.

Мунун алдында УКМК Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жатканда кармалганын билдирген. Ал балдарын 1-класска киргизген ата-энелерден акча жыйнаган коррупциялык схема түзүп алганын маалымдаган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана шаардык мэрия бул фактыларга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *