Өзбек саясатчылары орусиялык депутаттын "Кремлге кошулууга чакырганын" сындашты
Өзбекстан парламенти - Олий Мажлистин төмөнкү палатасынын бир катар депутаттары Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Евгений Федоровдун "мурдагы советтик республикалар СССРден мыйзамсыз чыгып кеткен" деген билдирүүсүн айыпташты. Федоровдун "32 жыл мурун эгемендүү болгон мурдагы советтик республикалар эртеби-кечпи Орусия менен эсептешүүгө же согушууга аргасыз болорун" айтып, аларды "Кремлге тынчтык жолу менен кошулууга чакырган" билдирүүсү 7-сентбярда Телеграм каналдарга тараган. Федоров СССРден бөлүнүүнү "мыйзамсыз" деп атап... Читать дальше...