Балалык изи кыргыз жеринде калган, эки элге данакер болгон Шерали Жураев
Өзбекстандын эл артисти, композитор, акын, актёр Шерали Жураев 4-сентябрда айыккыс илдеттен улам акка моюн сунду. Бүтүндөй Орто Азия чөлкөмүнө таанымал өнөрпоз 76 жашта эле. Таланттуу ырчы 1970-жылдардан кийин кыргызстандык маданият ишмерлери менен тыгыз кызматташып, Кыргызстанда бир нече жолу концертин да уюштурган. “Азаттык” аны Кыргызстандагы замандаштары, санаалаштары менен эскерет. Шерали Жураев 1947-жылы Анжиян облусунун Асака шаарында туулган. 1971-жылы Ташкент театр жана сүрөтчүлүк институтунун актердук маданияты бөлүмүн аяктаган. Читать дальше...