Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 20.09.2023

Тоолуу Карабактан миңдеген этностук армяндар чыгып кетүүгө камынууда

Azattyk.org 

Жикчил Тоолуу Карабактын де-факто лидерлери куралдарын таштап, этностук армяндарды Азербайжандын курамына «реинтеграциялоо» боюнча сүйлөшүүлөргө макул болгондон кийин миңдеген армян 20-сентябрда Тоолуу Карабактын аэропортуна чогулду. 20-сентябрда Азербайжандын бийлиги ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун алкагында аймактагы жикчил күчтөргө Арменияга коопсуз чыгып кетүүнү камсыздоого убада берген. Евробиримдик Азербайжандын президентин аймактагы этностук армяндардын укугун коргоп, «ок атууну толук токтотуп... Читать дальше...

Кыргызстанда ун азайып, нан кымбаттады

Azattyk.org 

Кыргызстанда нан, ундун баасы кескин көтөрүлдү. Соодагерлер Казакстандан ташылган ундун бир кабына 1000 сомго чейин кошулганы айтып жатышат. Өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, Казакстандан келчү ун темир жолдогу убактылуу тыгындан улам баасы көтөрүлүп кеткенин билдирүүдө.

Селекциядагы сестенткен кылмыш

Azattyk.org 

Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер келиндин кулак, мурду кесилгенин айтышты. Сокулук райондук милициясы "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен иш козгоп, 39 жаштагы жаранкармалды.

Нью-Йоркто Жапаров менен Рахмон жолукту

Azattyk.org 

20-сентябрда Тоолуу Карабак жикчил аймагынын өкүлдөрү түштө ок атышууну токтоторун билдиришти. Депутат Адахан Мадумаровдун ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлбөй калды. Нью-Йоркто АКШнын президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өттү.

"Тынчтык бербей, коркутуп жүргөн". Селекциядагы үрөй учурган окуянын чоо жайы

Azattyk.org 

Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында 36 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнөн бычак жеп, оор абалда ооруканага түштү. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы ырастап, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин ырастады. Азыркы учурда жабырлануучунун абалы оор. Дарыгерлер кан көп кетип калганын айтып жатышат. "Эки күн мурун эле коркутуп кеткен" 20-сентябрга караган түнү Бишкектин чет-жакасындагы Селекция айылындагы көп кабаттуу үйдүн биринде үрөй учурган окуя болду. 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү таң атканча сабап... Читать дальше...

Иран парламенти эреже сактабаган аялдарга жазаны катаалдатууну колдоду

Azattyk.org 

Ирандын парламенти 20-сентябрда хижаб жана ыймандуулук боюнча талаштуу мыйзамды жактырды. Документти 152 депутат колдоп, 34ү каршы чыкты. Мыйзам долбооруна ылайык, коомдук жайда же көчөдө жылаңач, жарым жылаңач же ачык кийимчен жүргөндөрдү тартип коргоо кызматкерлери кармап кете алат. Алар соттун чечими менен абакка кесилет же айып пул төлөйт. Эгер мындай учур дагы кайталанса камалат же аларга дагы чоң өлчөмдөгү айып пул чегерилет. Ошондой эле хижабга шек келтиргендерге, ачык кийинүүнү пропаганда... Читать дальше...

Тоолуу Карабак: ок атышуу Бакунун шарты менен токтоду

Azattyk.org 

Тоолуу Карабак жикчил аймагынын өкүлдөрү 20-сентябрда түштө ок атышуу токтой турганын билдиришти. Азербайжандын Коргоо министрлиги бул маалыматты бышыктады. Бир күн мурда Баку “террорчуларга каршы” деген негизде операция баштаган. Жикчилдердин де факто омбудсмени тараткан маалыматка ылайык, азери аскерлеринин аткылоосунда 32 киши окко учту. Маалыматтарга караганда, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган жикчил аймактын бийлиги Азербайжандын талаптарын аткарууга көндү. Азери Коргоо министрлигинин... Читать дальше...

Мадумаровдун иши: Кворум жок, депутаттык комиссия түзүлбөдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышын жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүлбөдү. Бул үчүн депутаттардын добушу жетпей калды. Оппозиция парламенттеги мындай абалды Мадумаровго болгон саясий куугунтуктун уланышы катары сыпаттап жатат. Бийликчил депутаттар башкы оппозиционер боюнча акыркы чекитти сот койсун деген жүйөнү келтирүүдө. Добуш жетпей калдыбы же  Оппозициячыл депутат Адахан... Читать дальше...



Ленин округу: БШК кайра шайлоодо Самаковду жеңүүчү деп тапты

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. БШКнын 20-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, шайлоодо 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңди деп табылды. “Бул чечим менен макул болбогон тараптар үч күн ичинде сотко кайрыла алат. Эгерде үч күн ичинде арыздануу болбосо, депутатты каттоо жөнүндө чечимди кабыл алабыз”, - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Жыйында маалым болгондой... Читать дальше...

Сокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалган үч киши үй камагына чыкты

Azattyk.org 

20-сентябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаковду, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаров билдирди. Бүгүнкү соттук жараян ачык өтүп, бирок видеого тартууга уруксат берилген жок. Селекция айылынын беш тургуну күбө катары сурак берди. Адвокаттар айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу жөнүндө өтүнүч келтиришти. Быйыл... Читать дальше...

Тажикстанда түркиялык ишкер дайынсыз жоголду

Azattyk.org 

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында жашаган түркиялык ишкер Корай Вуралдын дайыны ушул аптанын башынан бери чыкпай жатат. Аны түрк атайын кызматы Дүйшөмбүдөн Стамбулга күч менен чыгарып кеткени айтылууда. Ал эми түркиялык депутат Өмер Фарук Гергерлиоглу Корай Вуралдын атайын учак менен Анкарага жеткирилгенин жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты азырынча тастыктай да, төгүндөй да элек. "Кронос" сайты Корай Вуралдын жакындарына шилтеме жасап, түркиялык ишкерди 16-сентябрь күнү эртең... Читать дальше...

Таза суу талап кылган акцияда кармалган үч кишинин соту уланууда

Azattyk.org 

20-сентябрда Сокулук райондук сотунда Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаков, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун соту өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысы сот залынан билдиргендей, жараян ачык өтүп жатат. Бирок анда видеого тартууга уруксат берилген жок. Селекция айылынын беш тургуну күбө катары сурак берди. Адвокаттар айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиришти.  Быйыл июлдун башында Селекция айылынын... Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн терроризмге каршы жыйынынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршев менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысы Салимжон Хусанов жолугушту.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 20-сентябрда кабарлады. Тараптар чек араны биргелешип коргоо, делимитация жана демаркация маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн чек ара боюнча делимитация... Читать дальше...

Бишкек шаарында ун саткан жармаңкелер уюштурулууда

Azattyk.org 

Бишкек шаарында ун сатуу боюнча атайын жармаңкелер 20-сентябрдан тарта иштей баштады. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматында айтылгандай, жармаңкеде 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек. Экономика жана коммерция министрлиги бир кап ундун баасын 1500 сом деп бекитти. Жармаңкелердин тизмеси менен бул жактан таанышсаңыз болот. Монополияны жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, Ош, Баткенде 1-сорттогу ундун бир мүшөгү (50 кг) 1700-1900 сом... Читать дальше...

Министрлик Сокулукта бычакталган аялдын абалы тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Сокулук районундагы Селекция айылында бычакталган келиндин абалы боюнча маалымат берди. Саат 11:30дан бери бейтапка операция жасалып жатат. Министрлик кошумча маалымат бериле турганын билдирди. Мындан мурда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...

АКШ элчиси менен Кыргызстандын башкы прокурору адам укуктарын талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын баш прокурору Курманкул Зулушев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 20-сентябрда кабарлады. “Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу, өз ара кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды”, - деп айтылат билдирүүдө. Кыргызстанда бир нече жарандык активист жана саясатчылар абакта отурат. “Клооп” сайты бөгөттөлүп... Читать дальше...

Өзбекстанда прокурор журналисттер Далиев менен Хошимовго 15 жыл сурады

Azattyk.org 

Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук сотунда 19-сентябрда Kompromatuzb иши боюнча соттук териштирүү жабык уланды. "Озодлик" радиосу өз булагына таянып жазгандай, мамлекеттик айыптоочу Human.uz сайтынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Хуршид Далиев менен "Узбекнефтегаз" компаниясынын маалымат катчысы Сиявуш Хошимовду 15 жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга журналисттик ишмердик менен алектенүүгө тыюу салууну суранды. Андан тышкары прокуров Далиев менен Хошимовго 12 миң доллардай айып пул салууну өтүндү. Читать дальше...

Ысык-Көл районунун үч айылында, Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү

Azattyk.org 

20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарында жана Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту, Темир, Корумду айылдарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда сел жүргөн аймактарда 50 куткаруучу жана атайын техника үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду тазалап жатышат. Мекеме канча үйгө зыян келтирилгенин тактаган жок.  Буга чейин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн, айрым жерлерде жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. Читать дальше...

Кыргызстанда кыска мөөнөттүк ыкмада иштеген 560 бала бакча ачылат

Azattyk.org 

Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен кыска мөөнөттүү 560 бала бакча түзүлөт. Учурда 133 бала бакчанын жана 29 өнүктүрүү борборунда оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү дагы 122 имаратты оңдоо иштери башталат. Бала бакчаларды даярдоо иштери “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында жүрүүдө. “Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону тамак берүү каралган эмес. Читать дальше...

Акыйкатчыны саясаттан алыс кармаган мыйзам талкууда

Azattyk.org 

Бишкекте эл аралык уюмдардын, кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. 18-19-сентябрда өткөн жыйында демилгечилер жаңы мыйзам Акыйкатчы институтунун макамын көтөрүп, саясий партияларга көз карандысыз, эл аралык укук коргоо коомчулугунун алдында өзүнүн пикири бар мекемеге айланууга шарт түзөрүн айтышууда. Жарандык коом өкүлдөрү жалпысынан мыйзам долбоорун кубаттап, бирок бул Акыйкатчы институту толук көз карандысыз болушу үчүн аздык кыларын белгилешти. Читать дальше...

“Бир дүйнө Кыргызстан 2023” фестивалында быйыл 25 тасма көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө Кыргызстан 2023” эл аралык XVII фестивалы бул жолу 27-ноябрда башталып, 1-декабрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу 20-сентябрда “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан билдиришти. Бул ирет фестиваль “Бардык адамдар үчүн кадыр-барк, эркиндик жана адилеттүүлүк!” деген ураан менен уюштурулууда. “Фестиваль “Искусство аркылуу адам укугу” – “Human Rights trough Art” жаңычыл форматы аркылуу жергиликтүү жана эл аралык  эксперттердин, документалисттердин... Читать дальше...

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги ок атууну токтотконун жарыялады

Azattyk.org 

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги орус бейпилдик күчтөрүнүн ок атууну токтотуу тууралуу сунушун кабыл алганын билдирди. "Түзүлгөн кырдаалда эл аралык коомчулуктун согушту токтотууга жана абалды жайгарууга багытталган аракеттери жетишсиз. Мунун баарын эске алуу менен Арцах Республикасынын (аймактын армянча аталышы) бийлиги орус бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгынын ок атууну токтотуу боюнча сунушун кабыл алат", - деп жазылган алар тараткан билдирүүдө. Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Тоолуу Карабактан... Читать дальше...

Шаардык сот Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловдун мандатына байланыштуу апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун  басма сөз кызматы 20-сентябрда билдирди.   Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык сотунда 28-сентябрда каралат. Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын 6-июлда алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес. Читать дальше...

Бишкекте кезектеги "Китепкөй Ала-Тоо" жолугушуусу өттү

Azattyk.org 

Бишкекте "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында кезектеги "Китепкөй Ала-Тоо" иш-чарасы өттү. Ага бул жолу экономика министринин мурдагы орун басары, коомдук ишмер Элдар Абакиров  катышты. Жаштар менен өлкөнү өнүктүрүүнүн жолдору, китеп окуунун маанилүүлүгү тууралуу баарлашуу болгонун айтып берген Абакиров бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыргыз тилиндеги китептердин жетишсиздиги чоң көйгөй экенин белгиледи:    “Кыргызча китеп өтө аз, чындыгында. Англис тилинде кенен. Орус тилинде деле салыштырмалуу кенен. Читать дальше...

"Тозок бүттү". Ирандын түрмөсүнөн бошотулган туткундар

Azattyk.org 

АКШ менен Ирандын ортосундагы туткундарды алмашуу жараянынын алкагында Тегерандагы түрмөдөн бошотулган беш америкалык жаран отурган учак 19-сентябрдын таңында Кошмо Штаттарга конду. Бул үчүн Ирандын Түштүк Кореядагы алты миллион доллардай активи камактан чыгарылды. Ал эми Америкадагы түрмөдөн бошотулган беш ирандыктын экөө мекенине кайтмай болду. "Түштөй сезилип жатат" Бир канча жыл Ирандын түрмөсүндө өткөргөн америкалыктар жакындарын көргөнүнө жетине албай көздөрүнө жаш алышты. Учактан алгач Сиамак Намази жана анын атасы Бакер чыкты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *