Тажик ТИМи Кыргызстандын элчиси мекемеге чакырылганын билдирди
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Коңшу өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин расмий сайтына бул тууралуу төмөнкүдөй маалымат жарыяланды: “Элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрү пайда болгонуна байланыштуу тынчсыздануу жеткирилди. Бул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын... Читать дальше...