Израилде сот реформасына каршы акцияда алты киши кармалды
Израилде сот реформасына каршы нааразылык акциялардын жаңы толкуну башталды. 11-сентябрда юстиция министри Ярив Левиндин үйүнүн жанына 200дөй киши топтолду. Алар жол кыймылын тороп салгандыктан, полиция менен кагылышуу катталды. Нааразылык акциясына чыккандар «Курал боюнча ага-инилер» кыймылына байланышы барлар экени аныкталды. Бул кыймыл сот реформасына каршы жүрүштөрү менен белгилүү. The Jerusalem Post басылмасы жазгандай, юстиция министри жан сакчыларынын коштоосунда үйүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Читать дальше...