ИИМ Мадумаровго мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып коюлганын билдирди
Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. Анда "ИИМдин Тергөө кызматында жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат" деп жазылган. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (Адахан Мадумаров ред.:) ушул кылмыш ишинин алкагында кармалганы, ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганы кошумчаланган. Читать дальше...