Токаев Астана Орусияга каршы санкцияларды аткара турганын билдирди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын "аткарарын" билдирди. "Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланыштабыз",-деди Токаев Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында. Казакстандын президенти Германияга расмий сапар менен 28-сентябрда барды. Ал немис бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, алгачкы Борбор Азия-Германия саммитине катышат. Читать дальше...