Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 15.09.2023

"Сиңдим көчөдө баспай калды". Зордуктоого айыптуу үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаардык соту мурдагы милиция кызматкерин 36 жаштагы келинди зордуктоого айыптап, жети жылга эркинен ажыратып, бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алууну өкүм кылды. Өкүмгө нааразы жабырлануучулар кийинки инстанцияга даттана турганын айтышууда. Кыргызстанда аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жеңил жазага тарткан сотторго байланыштуу буга чейин жаңжал чыгып, бир судья жумуштан бошотулган. Буга карабай коомчулуктун нааразылыгын жараткан жосундар тыйыла элек. "Зордуктоого айыпталып... Читать дальше...

"Клооп" - коомдун керегине жараган жаштар

Azattyk.org 

16 жыл мурда жаштардын, окуучулардын жөнөкөй блогунан башталган “Клооп” учурда журналистиканын алдыңкы сабына чыгып, курч иликтөөлөрү менен таанылган заманбап медиага айланды. “Ашар” долбоору коомдогу көйгөйлөрдү чогуу чечүүнүн жолун издесе, англис тилин үйрөткөн, шайлоого көз салган, кыздарды илимге сүрөгөн долбоорлорду ишке ашырат. Маданият министрлиги “Клооптун” сайтын бөгөттөгөн чечим кабыл алса, Бишкектин прокурору сотко арыз жазды.

Иманкулов: Чек ара тактоодо бир принцип болушу керек

Azattyk.org 

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалга бир жыл толду. Андан бери эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет. Кыргыз тарап делимитация, демаркация иштерин бүтүрүүгө кызыкдар болгону менен бул аракеттен алгылыктуу майнап чыга элек. "Азаттык" Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен чек араны тактоо жана ал аймактагы жагдай тууралуу маектешти. - Марат мырза, кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны... Читать дальше...

Тогуз-Торону жанданткан жаңы жол

Azattyk.org 

Түндүк-Түштүк автожолунун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы эки жыл мурун ачылган. Ушул тапта Тогуз-Тородон өлкөнүн түштүгүнө чейинки жолу курулуп жатат. Жаңы жолдун курулушу менен алыскы Тогуз-Торо борборго жакындап, элдин жашоосу жанданды.

Чек ара жаңжалына бир жыл: Бишкек менен Дүйшөмбү мунаса таба элек

Azattyk.org 

Кыргызстанда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдын бир жылдыгы эскерилип, эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Эки өлкө бийлиги бул аракеттерди тынч жол менен чечүүгө кызыкдар экенин билдирип келет. Президенттердин жолугушуусу, Ташиевдин билдирүүсү 14-сентябрда Дүйшөмбүдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Борбор Азия өлкө жетекчилеринин саммитинде жолугуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын... Читать дальше...

Финляндия орус номуру бар унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды

Azattyk.org 

Финляндиянын өкмөтү орус номуру тагылган автоунааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды. Чектөөлөр 16-сентябрдан тарта күчүнө кире турганын Yle Улуттук телерадиокомпаниясы маалымдады. Буга чейин кирген автоунаалар алты ай ичинде өлкө аймагынан чыгарылышы керек. Ошол эле учурда бул тыюу салуу Евробиримдиктин жарандарына, дипломатиялык өкүлчүлүктө иштегендерге жана Финляндияга гуманитардык миссия менен кирген адамдарга колдонулбайт. Буга чейин Латвия, Эстония жана Литва ушундай тыюу салган. Вильнюс... Читать дальше...

"Ак-Тилекте" кайрадан тыгын пайда болду

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы кыргыз тараптагы “Ак-Тилек” жана казак тараптагы “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу автомашиналардын топтолуусу катталганын бүгүн 15-сентябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, саат 16:00гө карата “Ак-Тилектин” тушунда Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 автоунаа турган. Ал эми Казакстан тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 автоунаа кезек күтүп турду. “Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу... Читать дальше...

Экологиялык сот адилеттигинин абалын талкуулаган жыйын өттү

Azattyk.org 

Экология көйгөйлөрүнөн улам чыккан талаш-тартыштарды чечүүдө сот адилеттигин камсыз кылуу маселеси бүгүн 15-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык конференцияда талкууланды. Иш-чараны Жогорку сот Кыргызстандын Судьялар ассоциациясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы жана USAIDдин «Укук булагы» долбоору менен бирге уюштурганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Өз сөзүндө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков табият чексиз болгондуктан экологиялык көйгөйлөрдүн ар бир адамга тиешеси бар экенин... Читать дальше...



Президент Жапаров музыкалык мектепке күтүүсүз барып текшерди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда М.Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды. Мамлекет башчы окуу корпустарын карап чыгып, балдардын окуу шарттары жана процесси менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Фейсбук баракчасына жазды. "М.Абдраев атындагы мектеп-интернат совет мезгилинде курулган, азыр окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж, балдар жатаканасынын имараты кейиштүү абалга келген. Читать дальше...

Ташиев эгер Тажикстан чек ара дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан дагы жаңы документтерге таянып, доомат коерун айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доомат артса болорун билдирди. 15-сентябрда Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын айтты: “Коңшубуз Тажикстан... Читать дальше...

Шнобел сыйлыгынын ээлери аныкталды

Azattyk.org 

15-сентябрга караган түнү сатиралык Шнобел сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Эң маанисиз ачылыштар тууралуу америкалык Annals of Incredible Research журналы уюштурган салтанат онлайн өттү. Илимдин он тармагы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Нобелдин чыныгы лауреаттары тапшырды. Адабият боюнча сыйлыкты бир эле сөздү көп жолу кайталоодо жарала турган адаттан тыш сезимдин изилдөөчүлөрү алды. Алардын айтымында, бул жамевю – тааныш нерселер тааныш эместей сезилген абал. Дежавюнун карама-каршысы. Тамак-аш... Читать дальше...

"Шинжаңда кыргыз, казак, уйгурларды мажбурлап кытайлаштыруу жүрүүдө"

Azattyk.org 

2017-жылдын этегинен тарта расмий Бээжин Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң Уйгур автоном району (ШУАР) аймагында Бээжиндин тили менен айтканда "терроризмге жана экстремизмге келишкис сокку” ура баштаган. Эл аралык уюмдар бул аймактагы уйгурлардын, кыргыздардын, казактардын жана башка түрк тилдүү элдердин өкүлдөрүнүн (жалпысынан миллиондон ашуун кишинин) лагерлерге камалганын байма-бай жарыялап келе жатат. Быйыл августтун этегинде Кытайдын лидери Си Цзиньпин Шинжаңга барганда «исламды кытайлаштыруу» тууралуу айткан. Читать дальше...

Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы негизги чек ара пункту ачылды

Azattyk.org 

Пакистан Ооганстан менен негизги чек ара бекетин 15-сентябрда таңга жуук ачты. "Машал" радиосу жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтө баштаганын жазды. Торхам өткөрмө пунктунда талибан аскерлери менен пакистандык чек арачылардын ортосунда 6-сентбярда атышуу болуп, чек ара пункту жабылган. Маалыматка караганда, талибдердин Торхамда пост куруу аракетине Пакистандын коопсуздук күчтөрү каршылык көрсөтүшкөн. Ортодо кагылышуу жаралып, атышуу болгон. Хайбер аймактык полициясы эки саатка созулган... Читать дальше...

Энергетика министри кандай шартта электр жарыгы өчүрүлөрүн айтты

Azattyk.org 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болбой турганын билдирди. Эгер калктын жарыкты колдонуусу көбөйүп кетсе, көмөк чордондор менен чубалгылардагы чыңалууну азайтуу үчүн күнүгө 1-2 сааттан өчүрүүгө мажбур болушарын эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда парламенттеги "Ишеним" фракциянын жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берип жатып айтты. Министрдин айтымында, 15-сентябрга карата Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 600 млн кубдан бир аз ашат. Читать дальше...

Кыргызстанда балдардын жалпы саны бир жылда 36 миңге көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдардын жалпы саны быйыл жыл башында бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн 36 миңге көп болгонун 13-сентябрда президенттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өсүш 1,3% түздү. 18 жашка чейинки курактагылар дээрлик 2,7 миллионго жеткени, алардын 49% кыздар экени маалымдалды. Жети жашка чейинкилер 42%, ал эми 7-14 жаш курактагылар 45%, 15-17 жаштагы өспүрүмдөр 13%. Балдардын көбү (70,5%) айыл жергесинде жашайт. Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн. Читать дальше...

Министр Кыргызстанда өнөктөштүк төрөт токтотулганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын төрөтканаларында айы-күнү жеткен аялдын күйөөсү же башка жакындарынын катышуусунда ишке ашуучу "өнөктөштүк төрөт" токтотулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди. Фракциянын мүчөсү, депутат Надира Нарматова “аял төрөп жаткан маалда ага күйөөсүнүн киргизилиши ислам динине жана башка динге туура келбей турганы, мындай нерсе каада-салтта да жоктугун" белгилеп, бул уруксатты жокко чыгарууну талап кылды. Читать дальше...

Кыргызстандын Балдар кодексине байланыштуу маселе БУУ комитетинде талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын расмий делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар укуктары боюнча комитетинин кезектеги жыйынына катышып, бул багытта өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Бул тууралуу 13-сентябрда президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Швейцариянын Женева шаарында өткөн жыйынга балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева баштаган делегация катышты. Чынбаева өз сөзүндө Кыргызстанда баланын кызыкчалыктарын коргоо, сот адилеттиги принциптерин киргизүү... Читать дальше...

ДССУ Ливияда адамдарды жапырт көмүүнү токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана башка гуманитардык топтор Ливиянын бийлигин суу ташкындан набыт болгондорду жапырт көмүүнү токтотууга чакырды. Эл аралык уюм жасаттарды такталган, документтештирилген жеке мүрзөлөргө жерге берүүнү сунуштады. "Шашылыш жапырт көмүү маркумдардын жакындарына узакка созулган психикалык кыйынчылыктарга дуушар кылып, социалдык, укуктук көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн", - деп айтылат жума күнү таратылган билдирүүдө. Ливияда Улуттук армия көзөмөлдөгөн чыгыш аймактарында... Читать дальше...

Алматыда абакта отурган каракалпак активисттери бошотулду

Azattyk.org 

Казакстанда бир жыл мурда кармалып, Алматыдагы тергөө абагында отурган каракалпакстандык активисттер Кошкарбай Төремуратов менен Жангелды Жаксымбетов эркиндикке чыкты. "Азаттыктын" казак кызматы аларды Өзбекстанга өткөрүп берүү тууралуу Ташкенттин өтүнүчү күчүндө экенин жазды. Буга чейин казак бийлиги Төремуратов менен Жаксымбетовго башкалка берүүдөн баш тарткан. 48 жаштагы диссидент-блогер Кошкарбай Төремуратов жана 54 жаштагы оппозициячы Жангелды Жаксымбетов былтыр 13-сентябрда Алматыда кармалган. Читать дальше...

Кызыл-Кыя: Кутурмага каршы чаралар күчөдү

Azattyk.org 

Кызыл-Кыяда кутурган ит капкан сегиз адам ооруканага жаткырылды. Алардын арасында үч жашар наристе да бар. Бул окуядан соң шаарда жолбун иттер атылып, бир нече мал-жандык жок кылынды. Кутурма жуккан мал ээлери жугуштуу оорудан кооптонуп турушат.

100 миңдей кыргызстандык жашоо минимумуна жетпеген пенсия алууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган пенсиясы жашоо минимумунан төмөн. Бул тууралуу бүгүн 15-сентябрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди: “Бизде 762 миң пенсионер бар. Ошонун 100 миңге жакыныныкы жетпейт. Бирок биз азыр мыйзам даярдап жатабыз, ал кабыл алынса, аларды дагы жакындатып барабыз”. Алиевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө жашоо минимуму 6813 сомду түзөт. 2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган. Читать дальше...

Бейшеналиев: Бейтапканаларда 33%, ооруканаларда 20% адис жетишпейт

Azattyk.org 

15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын алгачкы алты айында аткарган иши каралды. Кайрадан дайындалган министр Алымкадыр Бейшеналиев баяндама жасап, саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу айтты. Суроо-жооп бөлүгүндө депутат Айбек Маткеримов кадр жетишпестиги жөнүндө сурады. Министр ага минтип жооп берди: “Алгачкы жардам көрсөтүү тобунда кадрлар 67%... Читать дальше...

Кесиптик лицей, коллеж жетекчилери сынак менен тандалат

Azattyk.org 

Кыргызстандагы кесиптик лицей жана коллеждердин жетекчилери сынак аркылуу тандалат. Мындан ары конкурстан өтүп келген директорлор беш жылдык мөөнөткө дайындалып, андан ашык иштегендери кызматтан алынмай болду. Сынактын биринчи этабы 18-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкармалык башчысы Гүлнур Мамырова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 100 кесиптик лицейдин 46сында директорлук кызмат үчүн сынак өтөт. Калган жетекчилердин дайындалганына... Читать дальше...

Уулу бала бакчада ыдык көргөнүн айткан эне милицияга кайрылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында алты жаштагы уулу жеке менчик бала бакчада сексуалдык ыдык мамилеге кабылганын айткан аял милицияга, прокуратурага жана жергиликтүү билим берүү мекемесине кайрылганын 13-сентябрда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, уулу бала бакчанын ээсинин 13 жаштагы баласынын ыплас аракетинен жабыркаганы белгилүү болду. Өзүн Надежда деп тааныштырган келин уулу аталган жеке менчик бала бакчага бир жашынан бери барып жүргөнүн, жакында ал ыдык мамиле тууралуу айтып бергенде тийиштүү органдарга кайрылууга мажбур болгонун... Читать дальше...

"Гетто түзүлбөшү керек". Путин мигранттар маселесине кайрылды

Azattyk.org 

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы масштабдуу рейддер күчөп жаткан маалда президент Владимир Путин бул маселеге кайрылды. Ал "өлкөдө мигранттардын геттосун түзүүгө жол берилбеши керек" деп билдирди.  Путин 12-сентябрда Чыгыш экономикалык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мигранттардын агымына байланыштуу кырдаалга токтолду. "Салтыбызды, маданиятыбызды сыйлоого милдеттүү" Орус президенти өлкөнүн экономикасы мигранттарга муктаж экенин, бирок учурда эмгек рыногунда аларга талап аздыгын белгиледи. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *