Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 26.09.2023

Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча маалыматтарга комментарий берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат каражаттарына чыккан “Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт” деген жаңылык боюнча комментарий берди. 26-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде мамлекет башчы Кемпир-Абад суу сактагычын буга чейин 100% Өзбекстан башкарып келгенин, былтыр чек ара менен кошо суу сактагычтын да маселеси чечилип, Кыргызстан менен Өзбекстан аны 50-50% башкарып калганын айтты. Жапаров Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун 10% гана колдонорун... Читать дальше...

Өзбекстан: Kompromatuzb иши менен камалган журналисттерге сот чечими чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстанда Kompromatuzb ишинин алкагында кармалган журналисттерге 26-сентябрда сот чечими чыкканын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Ташкенттин Шайхантахур райондук соту Human.uz сайтынын негиздөөчүсү Хуршид Далиев менен "Өзбекнефтгаз" ишканасынын басма сөз катчысы Сиёвуш Хошимовду жети жылга кести. Эмгек министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Мавжуда Мирзаевага үч жылдык, Ахмадулла Ахмаджановге беш жылдык эркиндигин чектөө жазасы берилди. Алар бул аралыкта өлкөдөн сыртка чыга албайт. Читать дальше...

Тоолуу Карабактагы жарылуу 20дай кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Акыркы маалыматтар боюнча жабыркагандар 300гө чукулдады. Ооруканадагы ондогон кишинин абалы оор экени кабарланды. Талаштуу аймак Азербайжандын карамагына өткөндөн кийин Арменияга жер которууга мажбур болгондордун агымы күчөдү. Ереванде болсо бийликке каршы нааразылык уланып, көчөлөрдү тосуп атышат.

Тажикстанда бир аптада ун дээрлик 20% кымбаттады

Azattyk.org 

Тажикстанда акыркы бир жумада ун дээрлик 20% кымбаттаганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.  25-сентябрда Дүйшөмбү шаарынын базарларында биринчи сорттогу бир мүшөк ундун баасы 330 сомониге (30 долларга жакын) чыкты. Он күн мурун 270 сомониден сатылган. Ишкерлер ун сырткы факторлордон улам кымбаттап жатканын айтышат. Монополияга каршы кызмат муну Казакстанда ундун баасы көтөрүлгөнүнө байланыштырды.  Тажикстан өз буудайы менен элдин муктаждыгын камсыздай албайт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Бишкекте батирди мыйзамсыз ижарага бергендер текшерилип жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы тийиштүү органдар менен бирге шаарда мыйзамсыз ижарага батир бергендерге рейд жүргүздү. Жыйынтыгында 16 үйдүн ээсине акт түзүлүп, төртөөнө патент берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 26-сентябрда кабарлады. Жыл башынан бери отуздан ашуун рейд жүргүзүлүп, 1174 даректе акт түзүлгөн, материалдар Салык кызматына жөнөтүлгөн. Жергиликтүү бийлик текшерүү уланып жатканын эскертти. Көп кабаттуу турак жайларда ижарага берилген батирдин чарчы метри үчүн айына патенттик негизде 30 сом... Читать дальше...

Пакистанда төрт айдан бери камакта отурган журналист эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

Пакистанда төрт айдан бери камакта отурган журналист Имран Риаз Хан эркиндикке чыкканын кесиптеши Хамид Мир 25-сентябрда ырастады. Риаз Хан быйыл май айында өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганда Пенжаб провинциясындагы аэропортто кармалган. Полиция ал көп өтпөй кайра бошотулганын билдирген. Бирок журналисттин жакындары аны таппай жатканын айтып, аны уурдап кеткен болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына караганда, Пакистанда журналисттер атайын кызматтардын кысымына көп туш болушат.

Таласта Нылды айылынын тургундары акцияга чыгышты

Azattyk.org 

26-сентябрь күнү Талас облустук акимчилигинин алдына бир нече жаран бир нече маселени чечип берүүнү талап кылып акцияга чыгышты. Маалыматты "Азаттыкка" облус акимчилигинин басма сөз катчысы Бакай Садыров ырастады. Нааразы тарап Талас - Нылды - Арал - Покровка автожолун оңдоо быйыл башталары айтылганы менен, иш жүрбөй жатканын, Нылды жана Сары-Булак айылдарын Манас районунан чыгарып, Талас районуна кошуп берүүнү суранган. Чогулгандар менен облус башчысы Нурлан Дарданов жана тийиштүү жетекчилер жолугуп... Читать дальше...

Депутат тоют кымбаттыгынан мал чарбасы жабыркап жатканын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 26-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде тоют маселесин көтөрдү. Ал чөп кескин кымбаттап, Нарында фермерлер малын сата баштаганын айтты. “Нарын облусунда чарбасы бар адамдар малын бүт сатып жатат. Себеби чөптүн бир боосу 450 сомго чыкты. Бул кышта чоң көйгөй болот. Баарын сатып ийсе, кийин эмне кылат?” - деди депутат. Жамгырчиев өкмөттү малчыларга арзандатылган насыя берүүгө чакырды. Кыргызстандык фермерлер быйыл өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют жакшы болбой калганын айтып жатышат. Читать дальше...



Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеген Түштүк Кореянын жараны каза болду

Azattyk.org 

Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеген Түштүк Кореянын жараны каза болду. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматы боюнча,  анын каза тапканы тууралуу маалымат 24-сентябрда түшкөн. Бул факты Кара-Көл шаардык милициясынын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Текшерүү учурунда 58 жаштагы корей жараны 24-сентябрда суу астында тазалоо иштерин жүргүзүп жатып суудан чыга албай каза болгону аныкталган. Анын сөөгү чыгарылды. Маркум 2020-жылдан бери Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеп жаткан. Читать дальше...

Арменияда Еревандын мурдагы мэри камакка алынды

Azattyk.org 

Арменияда сот Ереван шаарынын мурдагы мэри Альберт Базеянды камакка алуу чечимин чыгарды. Ал премьер-министр Никол Пашинянга "кол салууга даярдык көргөн" деп айыпталып жатканын адвокат Георгий Меликян билдирди. Базеян күнөөсүн мойнуна алган жок жана өзүн саясий туткун деп эсептөөдө. Ал 23-сентябрда кармалган. Бул арада Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган нааразылык акциялары уланууда. Полиция бир канча кишини кармады. Демонстранттар Еревандагы жолдорду бууп жатышат. Шейшембинин кечинде... Читать дальше...

"Азандын үнү жай чыгат". Ташкентти түпөйүл кылган дин таасири

Azattyk.org 

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда бийликке келгенден кийин диний ырым-жырымдарга карата катуу чектөөлөрдү алып салган, бирок азыр Өзбекстандын шаарларында азандын үнүн басаңдатууну талап кылышып, коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзамдар кабыл алынууда. Эмне үчүн мындай өзгөрүүлөр болуп жатат? 10-сентябрда Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары жана өкмөтчүл коомдук уюмдардын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин имаратына “талуу маселени” талкуулоо үчүн чогулушту. Премьер-министр Абдулла... Читать дальше...

АКШ Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

АКШ Тоолуу Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер 25-сентябрдагы маалымат жыйында айтты. "Тоолуу Карабак элинин укуктарын жана коопсуздугун кепилдеген эл аралык миссия болушу керек. Биз бул Азербайжандын ачык билдирүүлөрүнө ылайык ачык-айкындуулукту камсыз кылат деп ишенебиз". Ал Карабакта жашаган этностук армяндар өз үйлөрүндө калышы, тынч, татыктуу шарттарда жашашы, алардын укуктары жана коопсуздугу сакталышы керектигин белгиледи. Читать дальше...

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгондорго 1 миллион сомдон берилди

Azattyk.org 

26-сентябрда президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медал алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды. Дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго 1 миллион сомдон сыйлык ыйгарылды. Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан Айпери Медет кызы 750 миң сом, коло медал алган Тайырбек Жумашбек уулу 500 миң сом алды. Андан сырткары спортчулардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар берилди. Читать дальше...

Мадумаровдун адвокаты саясатчынын иши тергелип бүткөнүн айтты

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп бүткөнү кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 26-сентябрда саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди. “Тергөөчү “тергөө аяктады. Келип таанышкыла андан кийин сотко өткөрөм” деди. Кантип эле тез тергеп бүтүп салды таңкалып жатабыз”, - деди адвокат. ИИМдин Тергөө башкармалыгы саясатчынын иши тергелип бүткөнү тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...

Арменияда бийликтин кетишин талап кылган демонстранттар жол тосту

Azattyk.org 

Арменияда бийликти кетирүү талабы менен нааразылык акциясына чыккандар жол тороп жатышат. Маалымат каражаттары айрым демонстранттар камакка алынганын жазышты. "Азаттыктын" армян кызматы кабарлагандай, Ереванда акцияга чыккандар ар кайсы көчөлөрдү улам-улам бир нече мүнөткө бууп, жол кыймылын токтотууга аракет кылууда. Полиция канча адам кармалганы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Тергөө комитети 25-сентябрда билдиргендей, 168 киши камакка алынган. Арасында мурдагы президент Роберт Кочаряндын уулу да бар. Читать дальше...

Хорезмде педофилияга айыпталган аткаминерлердин иши кайра каралууда

Azattyk.org 

Өзбекстандын Хорезм облусунда педофилияга айыпталган аткаминерлердин иши Ташкенттеги сотто кайра каралууда. "Азаттыктын" өзбек кызматы тактагандай, ишти териштирүү 19-сентябрда баш калаадагы кылмыш иштери боюнча аппеляциялык сотто башталды. Августта соттук коллегия кошумча айыптоолорду кошуу жана кайра тергөө үчүн ишти облустук прокуратурага жөнөткөн. Хорезм облусунун борбору Үргөнч шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган жашы жете элек үч кызды зордуктаганы үчүн соттолгон аткаминерлердин жеңил жаза... Читать дальше...

Салык кызматы көмүскө экономиканын үлүшүн 34% деп эсептеди

Azattyk.org 

Салык кызматы өлкөдөгү көмүскө экономиканын үлүшүн 34% деп эсептеди. Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычов 26-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде билдирди. Депутат Алишер Эрбаев өкмөт буга чейин көмүскө экономика 70% чейин деп ар кандай маалымат айтып келгенин белгилеп, так сан жок экенин сындады. 2022-жылы Мамлекеттик салык кызматы 2023-2025-жылдардагы өнүктүрүүнүн стратегиясын бекиткен. Анда жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын... Читать дальше...

Жапаровдун коррупцияга шек саналган инисинин абак мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган иниси Улан Жапаровду 26-ноябрга чейин абакта калтырды. Соттун басма сөз кызматы анын бөгөт чарасы 25-сентябрда каралганын “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин президенттин аталаш тууганы Улан Жапаров бажыдагы коррупцияга байланыштуу камалганы белгилүү болгон. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кармалган Улан Жапаров президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктаган. Читать дальше...

Дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын чемпиону болду

Azattyk.org 

Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында алтын медал тагынды. Бул XIX Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын байге. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, спортчу 26-сентябрда 90 кг салмак даражасында финалда өзбекстандык Даврат Бобоновду жеңди. Шеров буга чейин кытайлык Бу Хебилигди (1:0), чейрек финалда ливандык Карамноб Сагаиповду (10:0) жана жарым финалда Бириккен... Читать дальше...

Жаңы-Жердеги калайман мушташ боюнча дагы эки адам кармалды

Azattyk.org 

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган калайман мушташ боюнча издөөдө жүргөн Курбангажи Абдуллаев менен Магомед-Эмин Даудов 26-сентябрда кармалып, Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди Ушул эле ишке байланыштуу буга чейин үч киши кармалган. Алардын баары тең Жаңы-Жер айылынын тургундары. 22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы адам каза тапкан. Читать дальше...

БУУ эксперттери тажик өкмөтүнө жөнөткөн катына жооп күтүүдө

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сегиз эксперти Тажикстанда соттолгон журналисттер менен жарандык активисттердин тагдырына тынчсыздануусун билдирип, өткөн жумада тажик бийлигине жөнөткөн катына жооп күтүүдө. 20 беттен турган катта эксперттер менен атайын баяндамачылар Дүйшөмбүдөн соттолгон журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин укуктарынын одоно бузулушуна түшүндүрмө талап кылышкан. БУУнун эксперттери быйыл май айында да тажик бийлигине кайрылып, журналист жана блогерлер Далер Имомали... Читать дальше...

Депутат "Бүтүн Кыргызстандын" бардык мүчөлөрүнө куугунтук болуп жатканын айтты

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп, күч жана сот органдары тандалма мамиле жасап жатышат деген пикирин бүгүн 26-сентябрда Жогорку Кеңештин аталган партиядан өкүлү, депутат Гуля Кожокулова билдирди. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде Кожокулова башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевадан мамлекеттик чыккынчылык тууралуу ишти ким тергеши керектигин сурады. Коңкубаева аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик... Читать дальше...

Кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерлерден акча талап кылган деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ишкерлерден опузалап акча талап кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Бишкектеги “Дордой” соода комплексинен Ош шаарындагы жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы базарларга жана Өзбекстандын базарларына жүк ташыган айдоочулардан акча алып турган. Ал кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган. Шектүүнүн жашаган жеринде тинткенде... Читать дальше...

Ошто зордуктоого шек саналган кримчөйрөнүн мүчөсү Маратов кармала элек

Azattyk.org 

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” деген каймана ысымы бар мүчөсү Умар Маратовго 26-июнда издөө жарыяланганы белгилүү болду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кримчөйрөнүн өкүлү үч айдан бери кармала электигин “Азаттык” радиосуна ырастады. 7-июлда Умар Маратов жана анын үч шериги 25 жаштагы кызды зордуктаганын айтып, кыздын жакындары “Азаттыкка” кайрылган. Анда Ош милициясы арыз түшкөнүн ырастап, бирок толук маалымат берген эмес. Маратовду быйыл 28-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кармап... Читать дальше...

Өзгөндө Мадумаровдун тарапташтарына чогулууга уруксат берилген жок

Azattyk.org 

Абактагы депутат Адахан Мадумаровдун отуздан ашуун тарапташы 26-сентябрда Өзгөндүн Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн “Чынар” сейил багына чогулушкан. Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды таратты. Бул тууралуу жеринде “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Саясатчынын тарапташтары кайрылуусунда Мадумаровду бошотууну талап кылышмак. Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *