Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 05.09.2023

Кыргызстан жарандык паспортту өзү чыгара баштайт

Azattyk.org 

Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басыла баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчы Эрбол Султанабев 5-сентябрда Фейсбук баракчасына жазды. Маалыматка караганда, “Учкун” мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган. "Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынды. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык. Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Читать дальше...

Бийликти сындаган "Кактус медиа" миллиондук доого жыгылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкек” гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы арызын 4-сентябрда карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, доо арыз жазган гезитке Kaktus.media 500 миң сом, басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом төлөп бериши керек. "Чындыкты жазганыбыз сотто аныкталды" 23-майда Биринчи май райондук соту “Вечерний Бишкек" басма үйүнүн доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, Юсупованы 500 миң сом, Kaktus.media басылмасынын өзүн 500 миң сом, мындан... Читать дальше...

Өзбек өкмөтү көзү өткөн Шерали Жураевге сый көрсөттү

Azattyk.org 

Өзбекстандын өкмөтүнүн Эл артисти Шерали Жураевдин көзү өткөнүнө байланыштуу жарыялаган көңүл айтуусуна президент Шавкат Мирзиёев, Сенаттын төрайымы Танзила Норбоева, өкмөт башчы Абдулла Арипов баштаган жогорку даражалуу чиновниктер кол коюшту. Алар Шерали Жураевди улуттук музыканын көрүнүктүү ишмери, устаты деп сыпаттап, маданияттын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошконун, өзбек ырчылык өнөрүн дүйнөгө таанытканын белгилешти. Жураев Борбор Азияга таанымал ырчы, Өзбекстандын жана Тажикстандын Эл артисти наамын алган. Читать дальше...

Орусия: Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынабы?

Azattyk.org 

Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу сала турган мыйзам долбоору сунушталды. Кыргыз таксисттери мыйзам кабыл алынып калса, иши жок калабыз деп кабатыр. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Владивостокко келип, орус президенти Владимир Путин менен жолугары күтүүлүүдө. Анда Пхеньяндын Москвага курал-жабдык жеткирүү маселеси талкууланышы ыктымал. Быйыл Бишкекте Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Энергетика министрлиги борбор калаага Казакстандын көмүрү ташылып келип... Читать дальше...

Африка лидерлери Зимбабве президентинин инаугурациясына бойкот жарыялашты

Azattyk.org 

Зимбабвенин президенти Эммерсон Мнангагванын жаңы мөөнөткө ант берүү аземине Африкадагы үч лидер катышты. Алар Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса, Конго Демократиялык Республикасынын башчысы Феликс Чисекеди жана Мозамбиктин президенти Филипе Нюси. Financial Times басылмасы жазгандай, Африканын түштүгүн өнүктүрүү бирикмесине мүчө мамлекеттердин калган 12 лидери салтанатка бойкот жарыялашты. Буга чейин бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн байкоочулары Зимбабведе августта өткөн президенттик... Читать дальше...

Жозеп Боррел Грузияга иш сапар менен барат

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 7-8-сентябрда Грузияга барат. Альянстын расмий маалыматында айтылгандай, бул Боррелдин азыркы кызматындагы Грузияга алгачкы сапары. Анда Тбилисинин евроинтеграция жолундагы жараян, тышкы саясаттагы жана аймактык маселелер талкууланат. Боррел Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили, премьер-министр Иракли Гарибашвили, тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили, депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат. Боррелдин... Читать дальше...

Түркиядагы мигранттардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Түркиянын акыйкатчылары Жамиля Жаманбаева жана Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады. Акыйкатчылар эки өлкөнүн жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулган учурлар жөнүндө өз маалында бири-бирине маалымат берүүнү макулдашышты. “Түркияда учурда 35 миңге чукул кыргызстандыктар жашап эмгектенип жүрүшөт, анын ичинен 6 миңден ашууну иштөөгө уруксат алып иштешет. 30га чукул адам жабык жайларында кармалып жатат. Читать дальше...



"Тирүү калганыма ишенбей кетем". "Дикий Арман" аралашкан кыйноо

Azattyk.org 

Алматыда жабык өтүп жаткан сот жараянында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин 11 кызматкеринин иши каралууда. Аларга кыйноо беренеси менен айып тагылган. Бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан казакстандыктар аларды былтыркы кандуу Январь окуяларында "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевдин адамдары көчөдөн кармап, ур-токмокко алып, күч органдарына өткөрүп беришкенин айтышкан. Калабаны баштан өткөргөндөр аларга тозокту көрсөткөндөрдүн баары жоопко тартыла элек экенин айтышып... Читать дальше...

"Баланс бузулат". Консот чечимин кайра кароо долбооруна сын

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 5-сентябрдагы жыйынында президент Садыр Жапаров демилге кылган "Конституциялык сот тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан документ 17-июлда коомдук талкууга коюлган. Айрым депутаттар, юристтер долбоор чийки экенин, мыйзам кабыл алынса сот эркиндиги чектелерин, чечимди кайра кароого негиз болгон жагдайлар так жазылбаганын белгилешүүдө. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш... Читать дальше...

Быйыл үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

Azattyk.org 

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-сентябрда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. “Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт деген маалыматтар туура эмес. Бирок үнөмдөш керек. Читать дальше...

Ошто бассейнде адамды бычак менен сайып жиберген шектүү абактан чыкты

Azattyk.org 

Ош шаарында бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жигитке бычак сайып жиберген адам тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалымат боюнча, сот тиешелүү токтомду 29-августта чыгарган. Буга шектүү менен жабырлануучу жарашып алганы негиз болгон. Ушул жылдын 22-июлунда Ошто бассейндердин биринде эс алып жүргөн адамды 28 жаштагы шектүү бычак менен сайып жиберип, жабырлануучу ооруканага түшкөн. Ал көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жүрүп, белгисиз бирөө менен уруша кеткенин... Читать дальше...

Аэропорттун кызматкерлери алтын аткезчилигине көмөктөшкөн деп шек саналууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандан алтын буюмдарын аткезчилик жол менен чыгарып жүргөндөр кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, шектүүлөр алтын буюмдарын Индияга мыйзамсыз ташып жүрүшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, 3-сентябрда Кыргызстандын К.Н. аттуу жараны “Манас” эл аралык аэропортунан Индияга учууга аракет кылганда кармалган. Анын жанынан салмагы 3 килограмм 985 грамм алтын буюмдар табылган. Аларда расмий документтер болгон эмес. Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

Мандатынан ажыратылган эки депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мандатынан ажыраган депутаты Фархат Исмаилов Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы 5-августта “Азаттыкка” билдирди. Исмаиловдун арызы кайсы күнү каралары тактала элек. Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжанов дагы шаардык сотко арызданганын анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” ырастады. Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Алимжанов менен Исмаиловду мандатынан ажыраткан. Читать дальше...

Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов 5-августта “Азаттыкка” билдирди. Бул демилге учурда коомдук талкууга коюлганын, жол киренин баасын болжол менен 20-22 сомго көтөрүү сунушталганын маалымдады. “Азыр ыңгайлуу, кенен, экологиялык жактан талаптарга жооп берген автобустар каттай баштагандан кийин анын жол киреси жок дегенде өзүн актасын деп жатабыз. Себеби автобустар өзүн-өзү актабаса, 2-3 жылда эскирип, аны кайра каржылоо кыйын болуп калат. Читать дальше...

Times Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн Британиядагы мүлкү тууралуу макала жарыялады

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары Улуу Британияда оффшордук компанияларга катталган 40 миллион фунт стерлингден ашык мүлкү бар экени тууралуу Times гезити жазды. Улуу Британиянын жаңы эрежелерине ылайык, кыймылсыз мүлккө ээлик кылган оффшор компаниялар түпкү бенефициарларын жарыялоого тийиш. Британ реестериндеги маалыматка караганда, Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын Лондондо 9,3 миллион фунт стерлингге бааланган сарайы, Челсиде наркы 31 миллион фунт стерлинг турган эки батири бар. Читать дальше...

"Талибан" кен иштетүү үчүн эл аралык компаниялар менен келишим түзгөнүн жарыялады

Azattyk.org 

Ооганстандагы “Талибан” өкмөтү жети ири кенди иштетүү үчүн 6,5 миллиард долларлык келишим түзгөнүн билдирди. Жергиликтүү басылмалар "Ооганстан Ислам Эмиратынын" (талибдер Ооганстанды ушундай аташат) Тоо-кен жана мунай министрлигине шилтеме жасап, келишим Иран, Кытай, Түркия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн компаниялары менен кызматташкан жергиликтүү компаниялар менен түзүлгөнүн жазышты. “Талибан” өкмөтүнүн экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Гани Барадар келишим Ооганстанда... Читать дальше...

Быйыл окуу китептерди басып чыгууга 152 млн сом бөлүндү

Azattyk.org 

2023-жылы жаңы окуу китептерди басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүндү. Бул каражаттын эсебинен 136 миң нускадан ашуун китеп басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат Тоялиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, быйыл 7-класстардын физика, 8-класстардын химия китеби орус, тажик жана өзбек тилдеринде басылып чыкты. Ошондой эле 7-8-9-класстар үчүн информатика китебинин өзбек жана тажик тилдериндеги версиясы басылган. Читать дальше...

Көкбөрүдөгү чырга байланыштуу дагы төрт киши эки айга камалды

Azattyk.org 

Ошто көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу дагы бир киши кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу төргөө абагына киргизилди. Анын бөгөт чарасы 6-сентябрда каралат. Ал эми Ош шаардык соту 4-сентябрда буга чейин кармалган дагы төрт кишинин бөгөт чарасын карап, эки айга камоо чечимин чыгарды. Ушуну менен бул жаңжалга байланыштуу камалган жарандардын саны тогузга жетти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Читать дальше...

Салык кызматы "Жунхайдагы" соодагерлердин талабына түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы 4-сентябрда Бишкек шаарына жакын жайгашкан “Жунхай” базарындагы ишкерлердин нааразылык акцияда айткан талаптары боюнча түшүндүрмө берди. Анда мекеме август айында базардын аймагында салыктык каттоосу жок жана салыгын, камсыздандыруу төгүмүн төлөбөй иштеп жаткан ишкерлерди аныктаган. Анын алкагында салык мыйзамдарын бузган ишкерлердерин 800дөн ашык контейнерине жана кампаларына мөөр басылган. Салык кызматы мындан тышкары контейнерлер жана кампалар “Дордой” конушундагы ишкердик кылуу үчүн эмес... Читать дальше...

Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттө тестиер бала чарчап калды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Сокулук айылындагы Кайназаров көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен сегиз жаштагы бала чарчап. Бул туууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык тууралуу 5-сентябрдын таңында маалымат берилип, тилсиз жоо саат 10до өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган бала каза тапкан. Тилсиз жоонун себептери жана башка жабыркаган адамдардын бар-жогу айтылган жок. Мекеменин маалыматында, өткөн суткада өлкө боюнча алты өрт кырсыгы катталды. Өткөн жыл ичинде Кыргызстанда 3194 өрт кырсыгы катталып... Читать дальше...

Ноокат райондук сотунун судьясынын кош жарандыгы аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы (Б.Н.М.) чет мамлекеттин жараны экени аныкталганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, судья 2016-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алып, 2021-жылдын 26-июнунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Былтыр 30-апрелде ротация болуп Ош облусунун Ноокат райондук сотуна которулган. Читать дальше...

ЮНИСЕФ: булганган абадан улам жума сайын 90дон ашык бала чарчап калууда

Azattyk.org 

Абанын кирдигине байланышкан себептер Борбор Азия менен Европада жума сайын 90дон ашуун наристинин өмүрүн алууда. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин жаңы чыккан баяндамасында айтылат. Маалыматка караганда, 2019-жылы Европа жана Борбор Азияда абанын булганышынан улам 5 миң 800 бала чарчап калды.  Алардын 85%  бир жашка чыга элек наристелер. “Аба булганганда, андан кичинекей балдардын өпкөсү эң катуу жабыркайт. Бул көрүнүш балдардын өсүшүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян берет, кээде өмүрүн алганга чейин барат”... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Кырызгидромет борбору билдиргендей, 6-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26, Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияга директор болду

Azattyk.org 

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков ырастады. Мындай чечимди 5-сентябрда директорлор кеңеши кабыл алганы айтылды. Буга чейин бул кызматта Аида Төлөгөнова отурган. Алмамбет Шыкмаматов быйыл январь айында “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматтан  5-сентябрда кеткени белгилүү болду. Алмамбет Шыкмаматов... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *